Загрузка документа…
МАГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23 майы №21-60
Мангыт айыл аймагында курулуучу балдар бакчасына 1430 чарчы метр жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Мангыт айылдык Кенешинин депутаттары Мангыт айылынын депутаттарынын Мангыт айыл аймагында курулуучу балдар бакчасына 1430 чарчы метр жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айылдык Кенешинин депутаттары Мангыт айылынын депутаттарынын Мангыт айыл аймагында курулуучу балдар бакчасына 1430 чарчы метр жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү сунушу канааттандырылсын жана Мангыт айылында балдар бакчасын курууга уруксат берилсин.
2. Мангыт айылында курулуучу балдар бакчасына ажыратылган жер аянтын каттоодон өткөрүү Араван райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгына сунуш кылынсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Мангыт айылдык кеңешинин төрөгасы: | Н. Абдураимов. |