Загрузка документа…
МАГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23 майы №21-61
Мангыт айылындагы “Абдыкадыр ата” көчөсүндө жайгашкан айлампанын ордуна 100 чарчы метр жер тилкесин Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор үчүн эстелик тургузууга жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Мангыт айылдык Кенешинин депутаттары Мангыт айылындагы “Абдыкадыр ата” көчөсүндө жайгашкан айлампанын ордуна 100 чарчы метр жер тилкесин Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор үчүн эстелик тургузууга жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айылындагы “Абдыкадыр ата” көчөсүндө жайгашкан айлампанын ордуна 100 чарчы метр жер тилкесин Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор үчүн эстелик тургузууга ажыратылсын.
2. Мангыт айылындагы “Абдыкадыр ата” көчөсүндө жайгашкан айлампанын ордуна 100 чарчы метр жер тилкесин Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор үчүн эстелик тургузууга ажыратылган жер тилкесин каттоодон өткөрүү Араван райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Мангыт айылындагы “Абдыкадыр ата” көчөсүндө жайгашкан айлампанын ордуна 100 чарчы метр жер тилкесин Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор үчүн эстелик тургузууга ажыратылган жер тилкесине керектүү болгон документтерди даярдап берүүсү Араван райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
Мангыт айылдык кеңешинин төрөгасы: | Н. Абдураимов. |