Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-февралы №158
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовдун 2017-жылдын жыйынтыгы, 2018-жылдын 6 айында аткарган иштеринин жыйынтыгы менен аткарган иштери айылдык кенештин 10.09.2018-ж. №129, 04.10.2018-ж. №132 сандуу токтомдору менен канааттандырарлык эмес деп табылган. Ошондой эле анын айыл тургундары менен тыгыз байланышынын жоктугунан коомчулуктун арасында нааразычылыктар күч алгандыгынан жана айыл өкмөтүндөгү айрым кадрлардын квалификациялык талаптарга жооп бербей, кызмат орундарына дайындалгандыгынын негизинде Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовго ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.
2.Токтомду карап берүү жагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |