Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели №161
Орозбеков айылдык кеңешинин 12.12.2018-жылдагы алтынчы чакырылыш кезексиз 23-сессиянынын 146 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Баткен областынын прокуратурасынын 30.03.2019-ж. чыгыш №11 / 1288-19 сандуу “Орозбеков айылдык кеңешинин 12.12.2018-жылдагы алтынчы чакырылыш кезексиз 23-сессиянынын 146 сандуу токтомуна карата” каршылык билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Орозбеков айылдык кеңешинин 12.12.2018-жылдагы алтынчы чакырылыш кезексиз 23-сессиянынын 146 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2.КРнын кен байлыктарды иштетүү жана жерди которуу боюнча мыйзамдар бири-бирине карама-каршы келгендигине байланыштуу, Орозбеков айыл өкмөтүнүн “Даннур-Юг” ишканасы менен убактылуу пайдаланып келген жер аянтынын мөөнөтүн узартуу боюнча токтому мыйзамсыз экендиги жөнүндө укук коргоо органдарына кайрылуу жагы айылдык кеңештин төрагасы А.Назарбаевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |