Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели №163
Жайыт комитетинин алдындагы коомдук үрөнчүлүк фондуна Сары-Талаа участогундагы мамлекеттик фонддун айдоо сугат жеринен 20 га., Шивели зонасындагы мамлекеттик фонддун айдоо кайрак жеринен эспарцет үрөнүн өндүрүү үчүн 10 га. жер тилкесин узак мөөнөттүү пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө
Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 11.03.2019-ж. “Жайыт комитетинин алдындагы коомдук үрөн фондуна Сары-Талаа участогундагы мамлекеттик фонддун айдоо сугат жеринен 20 га., Шивели зонасындагы мамлекеттик фонддун айдоо кайрак жеринен эспарцет үрөнүн өндүрүү үчүн 10 га. жер тилкесин узак мөөнөттүү пайдаланууга бекитип берүү жөнүндөгү” №16-2-059 сандуу катын жана Жайыт комитетинин төрагасы Э.Темирбаевдин комитеттин 2019-жылдын 1-кварталына карата аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин алдындагы коомдук үрөн фондуна Сары-Талаа участогундагы мамлекеттик фонддун айдоо сугат жеринен 20 га., Шивели зонасындагы мамлекеттик фонддун айдоо кайрак жеринен эспарцет үрөнүн өндүрүү үчүн 10 га. жер тилкеси 7 (жети) жылдык мөөнөт менен пайдаланууга бекитилип берилсин.
2. Жайыт комитетинин төрагасы Э.Темирбаевге ижаралык шартта убактылуу пайдаланууга бекитилип берилген жер аянттарынын ижара акысын өз убагында төлөө жана өз багытында пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |