Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели №166
Кадамжай шаардык мэриясынын 15.01.2019-ж. №1-05 сандуу катын кароо
Кадамжай шаардык мэриясынын 15.01.2019-ж. “Аңкур-Сай участогу жана Арпа-Сай жайыттарын (3706,4 га.) Кадамжай шаарынын административдик аймагына өткөрүп берүү жөнүндө” №1-05 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын Аңкур-Сай жана Арпа-Сай жайыттары Орозбеков айыл аймагынын административдик аймагына калтырылсын.
2.Кадамжай шаарынын тургундарына Аңкур-Сай жана Арпа-Сай жайыттарына мал жандыктарын жаюуга уруксат берилип, салык төлөмдөрү Орозбеков айыл өкмөтүнүн эсебине төлөнсүн.
3. Токтомдун бир нускасы Кадамжай шаардык мэриясына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |