Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели №167
Кош-Дөбө айылында жайгашкан спорт аянтчасын реконструкциялоого уруксат берүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин мамлекеттик ишмер А.Орозбековдун 130 жылдыгына жана Асан уулу Полотхандын 175 жылдык мааракесине карата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген иш-чара планына негиз айыл аймагынын социалдык обьектилерин реконструкциялоого, курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө айылында жайгашкан спорт аянтчасын реконструкциялоого уруксат берилсин.
2.Спорт аянтчасын реконструкциялоо иштерине тиешелүү иш кагаздарын даярдатып бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө (А.Алиев) жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |