Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели №173
Орозбеков айыл аймагынын Гараж айылына таза суу түтүкчөсүн орнотууга уруксат берүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин мамлекеттик ишмер А.Орозбековдун 130 жылдыгына жана Асан уулу Полотхандын 175 жылдык мааракелерине карата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген иш-чара планына негиз айыл аймагынын социалдык обьектилерин реконструкциялоого, курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын Гараж айылына таза суу түтүкчөсүн орнотууга уруксат берилсин.
2.Таза суу түтүкчөсүн орнотуу иштерине тиешелүү иш кагаздарын даярдатып бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө (А.Алиев) жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |