Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели №177
Күлдү айылына милициянын аймактык пунктун курууга уруксат берүү жөнүндө
Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы О.Кочкоровдун 04.04.2019-ж. “Орозбеков айыл аймагында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында Күлдү айылына милициянын аймактык пунктун куруп берүү жөнүндө” №7 /1542 сандуу кайрылуу катын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күлдү айылына милициянын аймактык пунктун курууга жер тилкеси ажыратылып, курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Курулуш иштерине тиешелүү иш кагаздарын даярдатып бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө (А.Алиев) жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |