Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-июлу №179
Орозбеков айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек арасын тактоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 13-7/11 токтомунун, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 29-мартындагы №1-5/89-б буйругунун жана Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-июлундагы № 177 буйругунун негизинде, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы даярдаган Орозбеков айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондун инвентаризациялоо баяндамасын карап жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдары бекитилсин.
2. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду бекитип берүү жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |