Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-июлу №180
Орозбеков айыл аймагынын чек араларын белгилөө үчүн арка курууга уруксат берүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин мамлекеттик жана саясий ишмер А.Орозбековдун 130 жылдыгына карата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген иш-чара планына негиз айыл аймагынын социалдык обьектилерин реконструкциялоого, курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылынын Бел участкасына жана Орозбеков айылынын Жийделик участкасына аймактык чек араны белгилөө үчүн арка курууга уруксат берилсин.
2. Арка куруу иштерине тиешелүү иш кагаздарын даярдатып бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө (А.Алиев) жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |