Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-июлу №183
“Бостон Ордо” коомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
КРнын Жогорку Кеёешинин 21.06.2019-ж. №2514 токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03.2019-ж. №36-б буйругу менен бекитилген жалпы улуттук жана юбилейлик иш-чараларга негиз Асан уулу Исхактын (Полотхан) 175 жылдыгына карата даярдык көрүү жана уюштуруп өткөрүү жөнүндө “Бостон Ордо” коомунун кайрылуусун талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тарыхый инсан Асан уулу Исхактын (Полотхан) 175 жылдык мааракесине карата “Бостон Ордо” коомуна “Төш белги” даярдатып чыгарууга макулдук берилсин.
2. “Бостон Ордо” коомуна “Төш белги” даярдатып чыгаруу боюнча каржы маселесин чечүү жагы сунушталсын.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |