Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-июлу №184
Орозбеков айылдык кенешинин 06.07.2018-ж. №121, 126 сандуу токтомдорунун жана 18.01.2019-ж. №150 сандуу токтомунун мыйзамдуулугун кайрадан карап чыгуу жөнүндө
Орозбеков айылдык кенешинин төрагасы А.Назарбаевдин Орозбеков айылдык кенешинин 06.07.2018-ж. №121, 126 сандуу токтомдорунун жана 18.01.2019-ж. №150 сандуу токтомунун мыйзамдуулугун кайрадан карап чыгуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык кенешинин 06.07.2018-жылдагы алтынчы чакырылыш кезексиз 23-сессиясынын “Күлдү айылынын Гараж участкасындагы “Таза сууга” айыл аймагындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын лицензия алуусу жөнүндө” №121 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Орозбеков айылдык кенешинин 18.01.2019-ж. алтынчы чакырылыш кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясынын 150 сандуу токтому менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” муниципалдык ишканасына аткаруу үчүн өткөрүлүп берилген айрым жергиликтүү маселелерден 5,6,7,9,10 алынып салынып, төмөнкү пункттар калтырылсын:
4). калкты ичүүчү суу менен камсыздоо;
11). тиричилик калдыктарын чогултууну, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |