Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры №34-1
Төлөйкөн айыл аймагынын 2018-2022-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагынын 2018-2022-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн статист-экономистинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагынын 2018-2022-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитилсин.
2. Төлөйкөн айыл аймагынын 2018-2022-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы айыл өкмөтүнүн орун басарына, финансы-экономика бөлүмүнө жана айыл өкмөтүнүн статист-экономистине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдукаримовго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: | И. Ажиматов. |
Төлөйкөн айылдык аймагы
Төлөйкөн айылдык аймагынын
2018-2022-ЖЫЛДАРГА ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫжана инвестициялык планы
2017-жыл
МАЗМУНУ
Киришүү
1. Айыл аймагынын кыскача аннотациясы
2. Айыл аймагынын келечеги –элеси
3. Учурдагы кырдаалды талдоо жана баалоо SWOT – анализ .
(Айыл аймагынын күчтүү жана чабал жактары, айыл
аймагынын мүмкүнчүлүктөрү жана коркунучтары)
4. Айыл аймагынын стратегиялык артыкчылыктуу багыттары
5. Артыкчылыктуу багыттар боюнча койгойлор, тоскоолдуктар
6. Коюлган милдеттер
Аткарылууучу иш-чаралар
Күтүлгөн жыйынтыктар, натыйжалар.
Айыл аймагынын 2018-жылга карата Инвестициялык планы.
10. Мониторинг жана баалоо планы, анын индикаторлору
КИРИШҮҮ
2018-2022-жылдарга карата Төлөйкөн айыл аймагынын социалдык, экономикалык тармактары боюнча өнүктүрүүнүн стратегиясы баяндалат.
2018-2022-жылдарга айыл аймагынын өнүктүрүүнүн ушул стратегиясынын базалык принциптери болуп төмөнкүлөр: Төлөйкөн айыл аймагынын экономикасынын мындан ары да туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн, айыл аймагынын экономикасынын бүгүнкү күндөгү абалын, жаратылыш шарттарын, географиялык жайгашуусун жана материалдык-сырьелук базасын эске алуу менен узак мөөнөттүү, реалдуу иш чараларды иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири болуп эсептелет. Ошону менен эле бирге кабыл алынган иш чараларды турмушка ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу менен бирге, аларга өз убагында жагдайга жараша түзөтүүлөрдү киргизип туруу зарыл.
Төлөйкөн айыл аймагы негизинен айыл чарба жана өндүрүш багытындагы айыл аймак. Ошондуктан айыл аймагында ырааттуу түрдө агрардык реформаларды жүргүзүү жана жаёы технологияларды киргизүү менен талаачылык продукцияларынын сапатын жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалардын санын көбөйтүү менен алардын толук кандуу иштешин камсыз кылуу, кабыл алынуучу иш чаранын негизи болуп саналат. Айыл аймагынын Өнүгүү Стратегиясынын дагы бир негизги багыты – айыл аймагында жалпы дүё продукциясында өнөр жай продукциясынын үлүшүн жогорулатуу. Айыл округдун географиялык жактан ыёгайлуу жайгашышы, айыл аймагынын чекене товар жүгүртүү жана акы төлөп кызмат көрсөтүү ишканаларын ачууга жакшы шарт түзүүдө. Ошондой эле, айыл аймагында жаёы технологиянын негизинде экспорт багытындагы продукцияларды чыгаруучу ишканаларды ачуу зарыл.
Ак-Буура дарыясын бойлото туристтик зооналарды уюштуруп жана туристтер эс алуучу мейманкана-жатаканаларды куруп туристтерди тартуу менен бирге, айыл аймагынын экономикасын жана жергиликтүү элдин кирешесин көбөйтсө болот. Айыл аймагынын экономикасына инвестициянын үзгүлтүксүз келип туруусу кабыл алынган иш чаранын аткарылышынын негизги шарты болуп эсептелет. Айыл аймагынын Өнүгүү Стратегиясынын аткарылышынын жыйынтыгы болуп, айылдардын көйгөйлүү маселеси болгон жумушсуздуктун жана жакырчылыктын деёгээлинин төмөндөшү, инвестициялык-бюджеттик салымдардын көлөмүнүн өсүүсү жана айыл аймагынын экономикасынын туруктуу өсүүсүнүн камсыз болушу эсептелет.
Бул милдеттерди чечүү үчүн, конкреттүү аракеттер жана чаралар белгиленген, алар төмөнкүлөрдү жүзөөгө ашырууга багытталган:
- айыл аймагында саясий жана экономикалык туруктуулукту сактоо;
- жергиликтүү жана улуттук социалдык-экономикалык өнүгүүнүн максаттарынын айкалышып туруусу;
- Төлөйкөн айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсү, эффективдүү башкарууну түзүү, мамлекеттик башкаруунун, жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун жана калктын кызыкчылыктарынын балансын сактоо;
- улуттар аралык мамилелерди чыёдоого, калктын арасында этникалык мамилелерди сыйлоого жетишүү;
- ички ресурстарды жана тыштан тартылган инвестицияны натыйжалуу пайдалануу;
- эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу өндүрүштү көтөрүү;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
- жакырчылыктын деёгээлин кескин түрдө төмөндөтүү;
- бюджеттин киреше жагынын өсүшүн жергиликтүү салык төлөөчүлөрдүн базасын кеёейтүү менен камсыздоо;
- коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү;
-экономикалык потенциалды жогорулатуу менен айыл аймагынын экономикасынын өсүү деёгээлин сактап калуу;
Айыл аймагынын келечеги
Төлөйкөн айыл аймагынын калкынын саны, социалдык-экономикалык потенциалы жана соода тармагы, айыл чарбасы өнүгүү деёгээли боюнча Кара-Суу районунун алдыёкы айыл аймактарынын бири. Төлөйкөн айыл аймагынын географиялык жактан жагымдуу жайгашуусу, өнүккөн инфраструктурасы, жаёы технологиялардын негизинде өнөр жай ишканалардын, айыл чарбанын, транспорт жана байланыштын чоё потенциалы, өнүккөн товар жүгүртүү, жеке ишкерлик жана өнүккөн туристтик тармак инвестициялык салымдар үчүн кеёири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Чыгыш базарлары, тарыхый эстеликтер, жайлар, жаратылыш кооз аймактары жана заманбап соода борборлору айыл аймакка кошумча конкуренттик жөндөмдүүлүктү түзөт.
Айыл аймагынын стратегиясынын максаттары
Айыл аймагынын өнүгүү стратегиясынын негизги максаты - жарандардын жашоо деёгээлин жана сапатын жогорулатууга, жашоого жана ден-соолукка жагымдуу айлана-чөйрө, биримдүү коом, элдин маданият жана адеп-ахлактык баалуулуктарын сактоого жана көбөйтүүгө, жарандык укуктарды коргоого, натыйжалуу демократиялык башкарууга багытталган жогорку жана сапаттуу натыйжаларга жетишүү. Өлкөбүздө жүрүп жаткан жаңы экономикалык саясаттын негизинде жаёы ишканаларды ачуу, иштеп жаткан ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыёдоо, аларды кайрадан техникалык куралдануунун негизинде айыл аймагынын экономикасын көтөрүү.
Белгиленген негизги максаттарга жетишүү төмөнкү негизиги иш чараларды жүзөгү ашыруу менен аткарылмакчы:
- жергиликтүү сырьелук базаны жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнөр жай тармагында жыл сайын 5-8 % кем эмес, айыл чарба тармагында 5-7% кем эмес өсүү темпине жетишүү менен айыл аймагынын экономикасын туруктуу, динамикалуу өсүшүн камсыз кылуу;
- айыл аймагынын элинин эмгектик жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланышына шарт түзүү, колдо бар эмгек ресурстарын эффективдүү пайдалануу;
- калктын кирешесинин көбөйүшү, аларга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын түрүн көбөйтүү, калкка жагымдуу жашоо шарттарын түзүү;
Акыркы жылдардагы айыл аймагынын экономикасынын сезилээрлик өсүп жаткандыгына карабастан, айыл аймагынын экономикасынын негизин түзгөн өндүрүш тармагы дагы эле туруксуз жана алсыз бойдон калууда.
Айыл аймагында жакырчылыктын жалпы деёгээли төмөндөгөнүнө карабастан, калктын көпчүлүк бөлүгүнүн жашоо деёгээли төмөн бойдон калууда. Ошондуктан, жогорудагы белгиленген иш чараларды толук түрдө ишке ашырылышы айыл аймагынын экономикасы жана калктын турмуш деёгээлинин жакшырышы үчүн да мааниси зор.
Учурдагы кырдаалды талдоо жана баалоо.
КР нын Президентинин 1996-жыл 20-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө чаралары» жөнүндөгү указынын негизинде жана Кыргыз Өкмөтүнөн 1996-жыл 24-апрелиндеги «КР нын аймагындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарын – айыл өкмөтүн (сельская управа) түзүү» жөнүндөгү №187 токтомун ишке ашыруу максатында 1996-жылы июнь айында Төлөйкөн жана Папан савхозуна караштуу болгон бөлүмдөрдүн базасында, Төлөйкөн айыл өкмөтү түзүлгөн.
Географиялык жайгашуусу. Төлөйкөн айыл аймагы Кыргыз Республикасынын, Ош областынын, Кара-Суу районуна карайт. Төлөйкөн Жергиликтүү өз алдынча аймагынын курамында 5 айыл болуп, алар: - Озгур,Төлөйкөн, Учар, Кыргызстан, Дыйкан- Кыштак айылдары кирет. Төлөйкөн айыл аймагы деёиз денгээлинен 800 метр
бийиктикте жайгашкан. Административдик имараты райондун борборунан 25 км, ал эми облустун борборунан 1 км аралыкта жайгашкан. Территориясынын жалпы аянты
4456 га. Жеринин рельефи аралаш. Айыл аймагынын маданиятынын, социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшүнө жер шартынын географиялык абалы ынгайлашкан
Жер-суу ресурстары. Аймактын жалпы аянты – 16795 кв.км. Айыл чарба багытындагы айдоо 1224 га, сугат айдоо 829 га, кайрак айдоо 395 га, көп жылдык бак-дарак 42 га , жайыт - 3048 га , саздак жерлер- 5га га, анын ичинде: айыл чарба багытындагы жерлер -39775 га
Сугат системанын булактары катары аймактын Ак-Буура дарыясы пайдаланылат.Ак-Буура дарыясынан буруп Озгур айылын жана Төлөйкөн, Учар, Кыргызстан айылдарына канал аркылуу сугат суу жетип турат.
Климаты боюнча – кышкысын көп cуук эмес, жайкысын ысык, Ак-Буураны бойлой жайгашкан айылда жайкысын салкын болуп , абанын температурасы 35-40 градуска чейин жетет, жаан-чачыны нормалдуу болуп , куз мезгили мелүүн, салкын.
Адам ресурстары. Төлөйкөн айыл аймагы боюнча 8 шайлоо округу 14700 шайлоочу бар. Алардын ичинен 11306 шайлоочу биометрикалык каттоодон өткөн. Калгандары ар кандай себептерден улам (миграция ж.б.) каттоодон өтө элек, калктын саны 26230 адам, анын ичинен 12815 эркек, 13415 аял . Ишке жарактуу калктын саны 8653. Акыркы үч жылдын ичинде калктын саны 10%өстү. Айыл аймагында 2217 пенсионер, 229 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Сезондук миграцияда 3000ден ашуун адам жүрөт. Айыл аймагы боюнча жыл ичинде 372 адам каттоодон чыгып кетти, 303 адам каттоого турду.
Калктын жумуштуулук жана кирешелүүлүк деңгели. Айыл аймактын калкы көбү мал чарбачылык, талаачылык жана калкты тейлөө менен алектенет. Төлөйкөн айыл аймагындагы 4211кожолуктун ичинен жакырчылык картасы боюнча жакыр уй бүлөөлөр деп жалпысы 121 кожолук эсептелет, алардын ичинен орто жакыр – 82 кожолук. Жалпы майыптардын саны – 229, анын ичинен 18 жашка чейинки -49, эмгектин жана согуштун ветерандары – 24, жумушсуздар (официалдуу катталгандар) – 180 .
Мамлекеттик башкаруу органдарында – 55 адам иштешет, соода тармагында – 800 киши иштейт.
Айыл аймагы боюнча 2017-жылы өнөр жай продукцияларын чыгаруунун көлөмү 38,5 млн. сомго жетип, физикалык көлөмүнүн индекси 111,7 пайызды түздү. Андан сырткары калктын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, 240 тонна нан жана нан азыктары чыгарылды. Айыл аймагы боюнча 2016-жыл ичинде 1 жаңы өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 12 жаёы жумушчу орундары түзүлдү. Алсак, Учар айылында 1 пластик эшик терезе жасоочу ишкана жана 2 акиташ чыгаруучу ишканалар иштеп, Жапалак айылында 1 таш майдалоочу ишкана ишке кирүү алдында турат. Калкка керектүү товарларды чыгаруунун көлөмү 12 айдын жыйынтыгы менен 7059,1 миё сомду түздү. Өнөр-жай тармагынын өсүүсүн камсыз кылуу үчүн, жергиликтүү сырье менен иштей турган өнөр-жай ишканаларынын санын көбөйтүп, ишканалардын жоопкерчилигин көтөрүү зарыл, себеби, көптөгөн ишканалар көмүскөдө иштешүүдө. Иштеген иштеринин көлөмүн жашырууда, же азайтып беришүүдө. Таза экономика болуу үчүн таза ишкана болуусу зарыл. Алардын жүргүзгөн иштери толук маалымат чагылдырылышы керек, иш жүзүндө андай болбой келүүдө
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү. Төлөйкөн айыл аймагындагы 4 мектепте 126 мугалим эмгектенет, 1400 окуучу окуйт. Кыргызстан айылында “Алтын-Таажы” бала бакчада жалпы 150 бала тарбияланат. Бала бакчалардын жетишсиздигине байланыштуу мектепке чейинки балдарды тарбиялоо иштери толук кандуу жүргүзүлбөйт.
Билим берүү тармагындагы кемчиликтер:
Мектепке чейинки балдарга билим берүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндүгү.
Бала бакчалардын жетишсиздиги
Билим берүү мекемелердеги кадрлардын жетишсиздиги.
Мектепте заманбап оргтехникалардын жетишсиздиги.
Мугалимдердин статусунун төмөндүгү
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу шарттарынын жоктугу
Психолог мугалиминин жоктугу жана ушул сабакты мектепке милдеттүү түрдө киргизүү (окуучулар арасында суициддин, уулануу фактыларын алдын ала чара көрүү)
Спорт, дене-тарбия иштеринин начардыгы
Ыр-бий кружокторунун жоктугу
Бош убакытта алек боло турган мекеме, үй кружокторунун, компьютер курстарынын, тил, тигүү, ашпозчу кружокторунун жоктугу
Инфраструктура жана турак жай, коммуналдык чарба. Төлөйкөн айыл аймагынын ички авто жолунун узундугу 61 км., кээ бир айылдардагы кѳчѳлѳрдүн, жолдордун абалы начар, көпчүлүгү топурак жолдор, кээ бирөөлөрүнө шагыл, кум төгүлгөн, асфальтталган жолдор аз , талкаланган. Электроэнергия менен 100% камсыз болгон,
Төлөйкөн Жергиликтүү өз алдынча аймагынын курамына 5 айыл болуп, алар: - Озгур, Төлөйкөн, Учар, Кыргызстан, Дыйкан Кыштак айылдары кирет. 2017-жылдын 1-январына карата жалпы калктын саны 26230 адам такталып, азыркы күндө жашап жатышат. Бүгүнкү күндө айыл аймагында 4 билим берүүчү мектеп, 1 ҮДТ, 5 ФАП, 1 спорт комплекси, 1 китепкана жана 3 май чыгаруучу чакан цехтер элге кызмат кылууда.
Туризм - Төлөйкөн айылында орун алган Кыргызстандын түштүгүндөгү белгилүү ден –соолукту чыёдоочу “Мамакеев” саноториясы жана белгилүү, легендарлуу Ак-Буура дарыясын бойлото, жеке ишкерлер тарабынан салынган заманбап эс алуу жайлары (14даана) азыркы күндө жергиликтүү жана коёшу область жана райондордон келген эс алуучуларды кабыл алып, алардын ден-соолугун чыёдоосуна, эс алуусуна толук шарттарды түзүп берүүдө.
Капиталдык салым жана курулуш - Капиталдык курулушсуз айыл-кыштактарды өнүктүрүү, же жаёылоо мүмкүн эмес. Акыркы жылдарда шаардын чегинде, айыл жерлеринде жана архитектуралык тартипте салынып жаткан жеке үйлөр, шаар айыл кыштактарды көркүнө көрк кошууда . Айрыкча эки кабаттуу үйлөрдүн салынышы элдин жашоо турмушунун жакшырып бараткандыгын далилдейт. Инвесторлордун жардамы менен көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарыл. 2018-2020-жылдары капиталдык курулуш тармагы, орточо жылына 2-3 эсеге өсөт.
Чекене товар жүгүртүү жана акы төлөп кызмат көрсөтүү - Элдин жашоо тиричилигин жакшыртууда күнүмдүк керектөөчү товарлар менен камсыздоо боюнча көрүлгөн чараларга жараша чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 2018-2020-жылдары 90518,0 миё сомго жетүүсү күтүлүүдө.
Элдин турмуш тиричилигин көтөрүүдө жана күнүмдүк муктаждыгын жоюуда бир багыт болуп акы төлөп тейлөө кызматы эсептелинет. Калктын калың катмарына акы төлөп кызмат көрсөтүү жылдан жылга жакшырып, аракеттүү тармактардан болууда. 2018-2020-жылдары акы төлөп кызмат көрсөтүү көлөмүнүн өсүүсү 8 пайызга жеткирилиши күтүлүүдө.
СВОТ анализ
Кучсуз жактары
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү төмөн боюнча калууда
Калкка маалыматтын кеч жана жетпей калышы
Каналдардын эскириши
Төлөмдөрдүн убагында калк тарабынан төлөнбөшү
Жараандардын жоопкерчиликтерин сезбөөсү жана пассивдүүсү.
Күчтүү жактары
Мал чарба жана талаа дыйканчылыкты өндүрүү шарттары бар
Айыл аймактын географиялык жактан ыёгайлуу жайгашышы, Ош шаарына, аэропортко жакындыгы, темир жол станциясынын жакын аралыктагы орун алгандыгы
Сугат жерлердин элге пайда алып келиши
АК менен АӨ ортосундагы ынтымагы жана активдүүлүгү
Айыл аймакка мини ГЭСтерди курууга ыёгайлуу
Айыл аймакка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен калкка сапаттуу айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууга шарт бар.
Коркунучтар
Саясий стабилдүүлүктүн бузулушу
Мамлекеттик органдардын жергиликтүүөз алдынча башкаруунун иштерине негизсиз кийлигишүү
Текшерүүлөрдүн көптүгү
Табигый кырсыктар, сел суусунун каптоосу
Жерлердин арыктап түшүмдүүлүгүнүн азайышы.
Мүмкүнчүлүктөр
Райондун борборунун жакындыгы
Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды, цехтерди куруу менен (айран, каймак, творог, кыям, джем, сок-шире, йогурт ж.б.) айыл аймагынын калкын кошумча жумуш менен камсыздаса болот.
Айыл аймагындагы көмүр кен бассейиндерине инвеститция тартуу менен, жеке ишкерлер жана чет элдик инвесторлор иштете баштаса, калк жумуш менен камсыз болуп, айыл аймагынын экономикасы көтөрүлөт
Айыл аймагынын жаратылыш кооз аймактарына санаториялык курорттук зоона куруп, республиканын жарандарынын ден соолугун чыёдаганга ыёгайлуу
Айыл аймагында айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү күнөсканаларды көбөйтүүгө ыёгайлуу
Төлөйкөн айыл аймагынын артыкчылыктуу багыттары:
Айыл чарба багытын жаёы технология колдонуу менен өнүктүрүү.
2018-жылга айыл аймагынын айыл чарба багытындагы абалы төмөндөгүдөй :
Төлөйкөн айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерлердин жалпысы 1224 га, сугат айдоо 829 га, кайрак айдоо 395 га, көп жылдык бак-дарак 42 га , жайыт - 3048 га , саздак жерлер- 5га. Бул жерлерди дыйкан, фермер, жеке чарбалар пайдаланууда. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкандарга техникалык кызмат көрсөтүп жаткан айыл чарба техникаларынын саны: каз тамандуу техникалар 2 даана, дөёгөлөктүү техникалар 14 даана жана 4 даана чөп оруучу комбайндар элдин кызматтарын аткарып келүүдө.
Мал чарбачылыгы боюнча: малдын башы стабилдүү болуп, 2018-жылдын 1-январына карата айыл аймагы боюнча 3823 баш ири мүйүздүү малдар, 12040 кой жана эчкилер, 404 жылкылар жана 19699 баш бакма уй канаттуулары аныкталды.2016-жылдын январь-декабрь айларында мал чарбачылыгынан өндүрүлүүчү продукциялар эт (тирүүлөй салмакта)- 679,4 тн , сүт – 2419 тн , жумуртка - 1936 миё даана , жүн – 87,6 тн өндүрүлдү.Агрардык сектор биздин айыл аймакта экономиканын манилүү бөлүгү бойдон калууда. Ал эми жайыт жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча жайыт комитеттери түзүлүп, иштер жүргүзүлүүдө. Учурда жайыт пайдалануу боюнча көзөмөлдөө жана түшүндүрүү иштери айыл чарба департаменти тарабынан колго алынышы керек.Айыл аймагында ветеринардыкпландык иштерди аткарууда 4 жеке менчик ветеринардык сервистер иш алып барышууда.Айыл аймагында 283 дыйкан, фермердик чарбалар, 2 айыл чарба кооперативдери, 4 мамлекеттик чарбалар катталган.
Көйгөйүү: - Айыл чарба багыты жаны технологиялар менен камсыз болгон эмес.
Малдын асылдуулугун жогорулату боюнча
Себептери: -Айыл аймагынын экономикасын көтөрүүдө , сапаттуу үрөндүн, жер семирткичтердин жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Айыл чарба
продукцияларын кайра иштетүүчү өнөр жайлар аз санда. Дыйкандарды жаны технология менен иштөө тажрыйба аз болгондуктан , өндүрүлгөн продукциянын түшүмдүүлүгү аз болуп, дыйкандардын эмгек акысы толук акталбай калууда.
Кесепетери: - Акча каражатынын жетишсидиги
Дыйкандардын билим денгээлинин төмөндүгү
Үрөндөрдүн сапатсыздыгы жана жер семирткичтердин кымбат баада келиши жана жетишсиздиги.
Дыйканчылык мезгилде күйүүчү майлардын жана тетиктеринин кымбат баада болушу
Түшүм жыйноодо ижарага алынган техникалардын кымбат баада болушу.
Милдеттери: -Дыйкандарды жаны технология боюнча окутуу
Заманбап техникаларды алуу
Үрөнчүлүк борборлорун уюштуруп, жер семирткичтер менен күйүүчү майларды камсыздоо.
Иш –чаралар: - Дыйкандарды атайын адистештирилген окууларга жөнөтүү
Заманбап техникалар менен камсыз кылуу
Сапаттуу үрөндөр менен жер семирткич жана күйүүчү майлар менен камсыз кылуу
Күтүлгөн жыйынтыктар: Айыл аймагы айыл чарба техникалары менен жетиштүү камсыздалып, тажрыйбалуу, адистешкен дыйкандар көбөйүп, сапаттуу үрөндөр менен камсыздалып, айыл чарбасында түшүмдүүлүк жогорулап, айыл чарба түшүмдөрүн башка өлкөлөргө экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Социалдык обьектилердин абалын жакшыртуу жана айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү (Медициналык кызмат көрсүтүүнүн мумкунчулукторун кенейтуу жана оспурумдордун жалпы билим алуусунун натыйжалуулугуна жетишуу);
Багытка жетүүдөгү ички, тышкы проблемалар (тоскоолдуктар), алардын себептери
Учурда айылдык кенештин аймагында 4 орто мектеп, 1 балдар бакчасы бар. Мындан 6 жыл мурда эле мектептердин материалдык-техникалык базасы ото начар болуп, мектеп имараттары эски, талапка жооп бербеген абалда болсо бугуку кундо алардын абалы толук жакшырды. Тактап айтканда, Төлөйкөн айылында жаны мектеп имараты, Учар айылында эки кабаттуу типтуу зангыраган мектеп имараты спорт аянтчасы менен курулду. Ушул кундору Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылында жаны мектеп имараты курулуш иштери башталууда. Кыргызстан айылындагы балдар бакчасынын имараты жергиликтуу бюджеттин эсебинен откон жылы капиталдык ремонттон откорулду, айланасына тосмо, дарбаза курулуп тегереги көрктөндүрүлдү. Төлөйкөн айылындагы ФАП тын имараты да жаныдан курулуп, ишке берилди. Дээрлик бардык мектептер учун жергиликтуу бюджеттин эсебинен керектуу болгон мектеп эмеректери сатылып берилди.
Учурда айрым мектептердеги негизги койгой бул- компьютерлердин жетишсиздиги жана Озгур айылындагы «Ак-Буура» мектептин спорт аянтчасынын жоктугу.
Төлөйкөн айылдык кенешинин айылдарында жаш жеткинчектердин мектепке чейинки тарбиясы учун айылда бала бакчалардын жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Тактап айтканда, айыл аймагында балдар бакчасы жетишсиздиги. Кыргызстан айылындагы балдар бакчасы ремонттолуп, эмеректер менен жабдылып, азыркы учурда 150 бала тарбияланууда. Бирок бул бакча айылдардагы бакчага болгон муктаждыкты толук чече албайт. Учурда ар бир айылда балдар бакчаларын куруу зарылдыгы курч турат.
Айыл аймагында учурда 1-үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу жана 5-ФАП элге медициналык кызмат көрсөтүп келет. Акыркы 3 уч жылда аталган аймактагы медициналык мекемелердин материалдык-техникалык абалы кескин жакшырды. Мында Төлөйкөн айыл аймагынын салымы зор. Жергиликтуу бюджеттин эсебинен ФАПтардын, ҮДТнын имараттары ондолду, керектүү жабдуулар менен камсыз болушту.
Төлөйкөн айыл аймагында 1 маданият үйү, 1китепкана бар. Бул имараттар да кийинки жылдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен ремонттолуп, керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыз болот.
Ошондой эле аталган айыл аймагында спортко да өзгөчө маани берилген. Учурда айылдарда 2 стадион, 1 спорт комплекси иштейт. Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Төлөйкөн айылында түрткү берүүчү гранттын эсебинен заманбап кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бүгүнкү күндө Кыргызстан айылына спорт аянтчасы куруу зарылдыгы бар.
Айылдар Ош шаарына жакын жайгашкандыгына жана айылдын онугуусуно жакшы шарттар бар экендигине карабастан айылдарда коомдук мончо аз. Учар
айылында гана мончо иштейт. Башка айылдын жашоочулары мончо кызматы учун шаарга барууга туура келуудо.
Негизги себептери
Айыл Өкмөтүнүн бюджетинин жакшы болгонуна карбастан, бардык муктаждыктарды бир убакта чечууго АӨнүн мүмкүнчүлүгү чектелүү болуусу
Азыркы мезгил талабына жараша жабдуулардын жетишсиздиги
Жергиликтуу адистердин айылдан башка жактарга кетип калышы
Багытка жетуудогу ички, тышкы мумкунчулуктор
Ички мумкунчулуктор | Тышкы мумкунчулуктор |
Бир уй булолук дарыгерлер тобу, 5 ФАП бар Жогорку квалификациялуу кызматкерлер жетиштуу Туруктуу жашаган коомчулук бар жана калктын осуусу тез Кыргызстан айылында Спорт аянтчасын курууга жер участогу бөлүнгөн Балдар бакчаларын ишке киргизип иштетуу учун айылдарда эски имараттар бар
| Айыл окмоту Ош шаары менен чектешет Донорлордун аймакка болгон кызыгуусу бар Медицина мекемелерин Райондук уй булолук дарыгерлер борбору колдойт
|
3.4.4.2.Аткарылуучу иштер, же долбоорлор
№ | Аткарылуучу иштер, же долбоорлор
| Аткаруунун болжолдуу убактысы | Аткарууга кимдер катышат | ||||
эл | Айыл окмоту | Жергиликтуу уюмдар | АРИС | Болок сырткы уюмдар | |||
1 | Кыргызстан айылына спорт аянтчасын куруу | 2018-2019- жылдар | + | + | + | + |
|
2 | Төлөйкөн айылындагы эски мектепти бала бакчага ылайыктап реконструкциялоо | 2017-2018-жылдар |
| + |
|
| + |
3 | Дыйкан-Кыштак айылына ТОСтун имаратын куру | 2017-2018-жылдар | + | + | + | + |
|
4. | Кыргызстан жана Учар айылына бала бакча круу | 2018-2020-жылдар | + | + | + | + |
|
5. | О. Курбанбаев атындагы орто мектебинин жаёы имаратын куру | 2017-2019-жылдар | + | + |
|
|
|
6. | Озгур, Учар айылдарынын жолдорун капиталдык ремонттоо ( асфальттоо) | 2018-жыл | + | + | + |
|
|
7. | Учар айылына ҮДТ(гсв)ны капиталдык ремонт | 2018-жыл | + | + | + |
|
|
8. | Жапалак айылына саркынды суу агуучу түтүктөрүн тартуу (канализация) | 2018-жыл | + | + | + |
|
|
9 | Жапалак жана Озгур айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу | 2018-жыл |
| + |
|
|
|
10 | Төлөйкөн айылына көпүрө куруу | 2018-жыл | + | + |
|
|
|
11 | Төлөйкөн айылынын каналын оёдоо | 2018-жыл | + | + |
|
|
|
12 | Бардык айылдарды газдаштыруу | 2018-2020-жылдар |
|
|
|
| + |
Төлөйкөн айыл аймагынын социалдык-инфраструктуралык деёгээли жогорулап, айылдарда элдердин жашоо шарты жакшырат. Жаштардын аё-сезими өсүп, келечекке умтулуусу, спортко болгон кызыгуулары күчөп, маданияттуулукка, адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбияланышат.
Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун сапатын жакшыртуу.
Багытка жетуудогу ички, тышкы проблемалар (тоскоолдуктар), алардын себептери
Жергиликтуу оз алдынча башкарууну чындоо айылдык кенештин аймагын онуктуруунун негизги багыттарынын бири. Аймакка оз алдынчалык беруу, коомчулуктун активдуулугун арттыруу, айылдардын абалын жакшыртууга калкты катыштыруу негизги маселе болуп саналат. Анткени, мурдагы союздук системадагыдай эмес, ар бир атуул озунун турмуштук шартын ондоого, үй бүлөөсүн жетиштуу камсыз кылууга озу аракеттенуусу зарыл.
Жергиликтуу оз алдынча башкаруу талаптагы денгээлге жеткенде гана аймактарыбыз онуго алат. Бугунку кундо айыл окмотунун бардык айылдарында коомдук бирикмелер жана окмоттук эмес уюмдар тузулуп, оздорунун айылдарында оз алдынча башкарууну чындоо максатында аракеттенип жатышат. Айыл окмотунун
аймагындагы ар бир айылда аялдар кенеши, аксакалдар соту, жаштар комитеттери, ардагерлер кенеши, ошондой эле Таза суу пайдалануучуларынын коомдук бирикмелери (СООППВ), ар бир айылда айылдык инвестициялык бирикмелер иштеп жатат. Бирок учурда алардын озунун ишине коомчулукту тарта билуусу, катыштыруусу талаптагыдай эмес. Бул уюмдар активдуу иштоосу, элге, калкка оз алдынча башкаруунун принциптерин жеткируусу зарыл маселе болуп саналат.
Негизги себептери
Айылдык коомдук уюмдардын формалдуу иштөөсү
Коомдук уюмдарды окутуучу, аларга маалымат берүүчү маалымат борборлорунун жоктугу
Багытка жетуудогу ички, тышкы мумкунчулуктор
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
Айылдарда коомдук бирикмелердин бар болушу Айылдарды онуктурууго элдин ынтызарлыгы Аймактагы жашаган элдердин сабаттуулугу жогору | Айылдардын облустук борборго жакын жайгашышы Донорлордун аймакка болгон кызыгуусу
|
Аткарылуучу иштер, же долбоорлор
№ | Аткарылуучу иштер, же долбоорлор
| Аткаруунун болжолдуу убактысы | Аткарууга кимдер катышат | ||||
эл | Айыл окмоту | Жергиликтуу уюмдар | АРИС | Башка уюм | |||
1 | ДыйканКыштак жана Жаны-Турмуш айылдарына газ түтүкчөлөрүн орнотуу | 2018-2020- жылдар | + |
| + |
|
|
2 | Айылдарда ишке ашып жаткан кичидолбоорлорго калкты активдуу катыштыруу | 2018-2022-жылдары | + | + | + | + | + |
3. | Айылды онуктуруу боюнча жалпы элдик чогулуштарга, чечим кабыл алууга элди катыштырууга жетишуу | 2018-2022-жылдары | + | + | + | + | + |
4. | Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын жургузуп жаткан иштери боюнча Эл алдында отчет беруусун жакшы жолго коюу | 2018-2022-жылдар | + | + | + |
| + |
5. | Элдин коомдук активдуулугуно жетишуу учун аларга маалыматтарды жеткируу жана окутуу | 2018-2022-жылдар | + | + | + | + | + |
Кайра иштетүү жана чакан, орто бизнести өнүктүрүү менен жумуш орундарын көбөйтүү .
Багытка жетүүдөгү ички, тышкы көйгөйлөр (тоскоолдуктар), алардын себептери
Төлөйкөн айылдык аймагында бүгүнкү күндө 1- кирпич чыгаруучу заводу, 4 таш майдалоочу заводу, 2 акиташ чыгаруучу ишкана,1кондитердик цехи,7 набайкана,
2 тегирмен, 3 -тигуу цехи, 5 АЗС , 2 пахта тытуучу цехи, 42 авто унаа оёдоочу жай жана 39 соода туйуну , 7 ашкана, 11 жайкы эс алуучу жайы жана 1 санатория бар. Бирок айыл аймагындачакан жана орто бизнес обьектилери, кайра иштетүү ишканалары элдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Өндүрүлгөн мөмө жемиштер, жашылчалар кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунанчийки түрүндө арзан баада сатылып, эл мал чарбачылыгынан жана дыйканчылыктаназ пайда алып жатат. Жумуш орундары жетишсиздигинен, калк арасында, өзгөчө жаштар арасында миграция күндөн күнгө өсүүдө.
Эл керектөөчү товарларды айылдарда өндүрүлгөн арзан баадагы айыл чарба продукцияларынан кайра иштетүү жолу менен өндүрүп камсыз кылуу жолго коюлган эмес. Ишкердүүлүктү баштоо үчүн алгачкы капиталдын жетишсиздиги, айыл жергесиндеги күрөөгө коюлуучу кыймылсыз мүлктөрдүн баасынын төмөндүгү кредиттик мекемелерден жетиштүүөлчөмдөгү акча каражаттарын алууга тоскоолдук болуп жатат.
Айыл өкмөтүнүн айылдары Ош шаарына жакын жайгашкандыктан бул аймакта чакан жана орто бизнес ишканаларын түзүүгө, өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк чон.
Негизги себептери
Кайра иштетуучу ишканаларды иштетуучу тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги
Кичи жана орто ишканаларды колдоо учун берилген кредиттердин толом пайызынын жогору болушу
Коомчулуктун ичинде кайра иштетуучу ишканаларды курууга жана жургузууго каражаты бар адамдардын аздыгы
Киреше алып келуучу ишканаларды колдоо учун донорлор тарабынан берилуучу кайтарымсыз гранттардын суммасынын аздыгы
Багытка жетуудогу ички, тышкы мумкунчулуктор
Ички мумкунчулуктор | Тышкы мумкунчулуктор |
Чакан жана орто ишканалар учун жумушчу кучу жетиштуу Чакан жана орто ишканалар учун жергиликтуу табигый ресурстар жетиштуу Айылдын жашоочуларынын жер улушунун бар болушу
| Ош шаарынын борборуна жакын жайгашкандыгы Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө кредит беруучу уюмдар көп Ишканалар өндүргөн продукциянын кардарлары бар
|
Аткарылуучу иштер, же долбоорлор
№ | Аткарылуучу иштер | Аткаруунун болжолдуу убактысы | Аткарууга кимдер катышат | |||
эл | Айыл окмоту | Жергиликтуу уюмдар | АРИС | |||
1 | Айылдарда айыл чарба продукцияларын кайра иштетуучу чакан ишканаларды ачуу, онуктуруу | 2018 –2022-жылдар | + | + | + |
|
2 | Айылдарда устачылык, жыгачты иштетуучу, эмерек жасоочу ишканаларды тузуу | 2018 –2022-жылдар | + | + | + |
|
3 | Айылдарда кондитердик, нан бышыруучу цехтерди ачуу | 2018-2022-жылдар | + |
| + |
|
4 | Айылдарда тигүү цехтерин ачуу | 2018-2022-жылдар | + | + | + |
|
5 | Айылдарда курулуш материалдарын иштеп чыгаруучу ишканаларды түзүү, анда жаны технологияларды өркүндөтүү | 2018-2022-жылдар | + | + | + |
|
Мониторинг жана баалоо.
Алынган оперативдүү маалыматтардын негизинде пайдаланылбай калган резервдерди ишке киргизүү жана керектүү чараларды кабыл алуу.
Ар бир тармактар боюнча негизги көрсөткүчтөрдү статистикалык отчетко киргизүү. Бул программанын аткарылышына коомдук жана мамлекеттик эмес уюмдарды тартуу менен коюлган максаттарга жетүү.
Инвеститциялык проектилердин сөзсүз аткарылышын камсыз кылуу, инвестициялык проектилерди аткаруунун каржы булактары негизинен чет элдик инвеститцияларды тартуу менен, ошондой эле, жеке ишкерлердин каражаттарынын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен болот. Бул программанын аткарылышынын натыйжасында, айыл аймактын экономикасы жогорулап өнөр жай продукцияларынын өндүрүлүшүнүн көлөмү көбөйөт, калкты тейлөө жакшырат, айыл чарбасында сугат айдоолор толук пайдаланылып, талаачылык өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулайт, мал чарбасынан алынуучу продукцияларынын өндүрүлүшүнүн көлөмү көбөйөт, билим берүү тармагында окуучуларга жакшы шарттар түзүлөт, калк таза суу менен камсыз болуп, ден соолугу чыё болот.
Жыйынтыктап айтканда, айыл округдун социалдык-экономикалык артыкчылыктарын, материалдык-сырьелук базасын, географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөндөгү тармактарга артыкчылык берүү максатка ылайыктуу деп эсептесе болот.
1. Айыл чарбасы – өндүрүштүк, сервистик жана башка кооперативдерди өнүктүрүү, тармакка азыркы илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу.
2. Кайра иштетүү өнөр жайы, мал чарба жана талаачылыкты өнүктүрүү, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү парниктерди көбөйтүү, кайра иштетүүчү цехтерди куруу, иштеп жаткан ишканалардын негизги каражаттарын жаёылоо. Айыл өкмөт аймагында малдардын терисин кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунан, бул сырье арзан баада кайра иштетилбестен, айыл өкмөт аймагынан сыртка чыгып кетүүдө. Бул багытта биргелешкен ишканалар түзүлсө, жумушсуздардын саны төмөндөп, жергиликтүү бюджетке кошумча каражат түшмөк. 3. Төлөйкөн, Озгур айылдарына инвесторлорду тартуу менен кичи ГЭСтерди курууга шарттар бар. Бул проект ишке ашса айылдын калкы арзан жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болот.
Айыл өкмөттүн экономикасынын бүгүнкү күндөгү абалын, келечектеги экономикалык потенциялын, жогоруда белгилеп өткөн экономикалык артыкчылыктарын эске алуу менен айыл округда мындан ары да социалдык-экономикалык өнүгүүгө перспективдүү шарттар бар деп айтууга болот.
Төлөйкөн айыл аймагынын 2018-2022 –жылдарга карата түзүлгөн өнүгүү программасынын иш чаралары
№ | Иш чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтыктар |
Өнөр жайы | ||||
| Айыл аймагында кичи жана орто бизнес субьектилеринин ишмердүүлүгүн стабилдүүөнүктүрүү, жогорулатуу үчүн туруктуу жагымдуу шарт түзүү менен бирге бюрократтык жана административдик тоскоолдуктарга, мыйзамсыз текшерүүлөргө жол бербөөнү камсыз кылуу. | Айыл аймагы, айыл аймагына тиешелүү мекемелер жана айыл башчылар | 2018-2022-ж. | Ишкерлердин ишмердүүлүгү жогорулайт, кичи ишканалардын иштөөсүнө шарт түзүлөт. |
| Жергиликтүү сырьелорду жана экономикалык потенциалды толук иштетүү менен экономикалык өсүштү камсыз кылуу | Айыл аймагы, чарба субьектилери , орто жана кичи ишканалар | 2018-2022 | Дыйкан-фермердик чарбалар өндүргөн продукцияны жогорку баада сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болот |
| Иштеп жаткан ишканаларды жаны технологиялардын жардамы менен өзгөртүү, товарлардын сапатын көтөрүү | Айыл аймагы, чарба субьектилери | 2018-2022 | Чыгырылып жаткан товарлардын өтүмдүүлүгү жогорулайт |
| Токтоп турган ишканаларды жандандыруу, инвесторлорду тартуу | Айыл аймагы,ишкерлер | 2018-2022 | Өндүрүш өнүгөт, жаңы жумуш орундары түзүлөт |
| Өндүрүштүөнүктүрүү максатында инвестицияларды тартуу менен экспортго багытталган продукцияларды чыгарууга жарамдуу ишканаларды ишке киргизүү | Айыл аймагы, чарба субьектилери | 2018-2022 | Райондун экономикасы өнүгөт, жаңы жумуш орундары түзүлөт |
| Өнөр жай ишканаларынын чыгарылган продукцияларынын көлөмүн эки эсеге жогорулатуу. | Орто жана кичи ишканалар | 2018-2022 | Элдин керектүү продукциялар менен камсыз болушу жогорулайт |
| Айыл аймагында текстиль жана тигүүчүөнөр жай тармактарын өнүктүрүүүчүн шарт түзүү, кичи тигүү цетерин ачуу. | Айыл аймагы, чарба субьектилери, ишкерлер | 2018-2022 | Кыз-келиндер жумуш менен камсыз болушат |
Айыл чарабасын жана кайра иштетүүөнөр жайын өнүктүрүү | ||||
| Ветеринарияны өнүктүрүү жана малдардын ар кандай ооруларына каршы күрөшүүнү күчөтүү | айыл аймагы, айыл аймагынын вет.сервистери | 2018-2022 | Ар кандай малдардын ооруларын алдын алуу жана мал чарбасынын өнүгүшүнө ынгайлуу шарттар түзүлөт. |
| Майда чарба субьектилерин айыл чарба кооперативдерине бириктирүү. | Айыл округдары, чарба субьектилери |
2018-2022 | Айыл чарба азык-түлүгүнүн дүңөндүрүлүүсү көбөйөт |
| Суу системасынын жана суу курулуштарынын эффективдүүлүгүнүн жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу. | Айыл аймагы, чарба субьектилери, суу чарба башкармасы |
2018-2022 | Суу барбаган жерлерге суу барат жана элге жерди иштетүүүчүн ынгайлуу шарттар түзүлөт. |
| Сугат суу линияларын куруу жана суу каналдарды тазалоо. | Айыл аймагы, чарба субьектилери | 2018-2022 | Эл таза суу жана арык суусу менен камсыз болот. |
| Сапаттуу айыл чарба өсүмдүктөрүн үрөнүн даярдап, дыйкан-фермердик чарбаларга сунуштоо | Агрардык өнүктүрүү департаменти, айыл аймагы, үрөнчүлүк чарбалар |
2018-2022 | Дыйкан-фермердик чарбалар сапаттуу үрөн менен камсыздалып, түшүмдүүлүк жогорулайт |
| Түшүмдүн өндүрүмдүүлүгүн максималдуу түрдөжогорулатуу | Айыл аймагы, чарба субьектилери |
2018-2022 | Айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулайт |
| Айыл аймагында айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү парниктерди көбөйтүү | Айылбашчылар, ишкерлер, эл аралык уюмдар | 2018-2022 | Калкты айыл чарба продукциялары менен камсыздоо |
| Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүөнүктүрүү максатында Ата-Мекендик жана чет элдик инвестицияларды тартуу. | Айыл округдары, Чарба субьектилери |
2018-2022 | Айыл чарба продукцияларынын дүңөндүрүүлүсү көбөйөт |
| Жергиликтүү ишкерлердин жана инвестициянын эсебинен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кичи-цехтердин курулушуна көмөктөшүү. | Айыл округдары, Чарба субьектилери, жеке ишкерлер |
2018-2022 | Иш орундарынын өсөт жана продукциялардын сапатынын жогорулайт. |
| Айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча базарлардын аянтын чонойтуу. | айыл аймагы, чарба субьектилери | 2018-2022 | Айыл чарба продукцияларын сатууга жакшы шарттар түзүлөт. |
| Мал союучу кушканаларды легалдаштыруу жана ал жердеги шарттардын санитардык абалын
жакшыртуу. | Вет сервистер, айыл аймагы, чарба субьектилери | 2018-2022 | Эл сапаттуу эт менен камсыз болот жана
кошумча каражаттардын түшүшү көбөйөт. |
| Дүңү менен соода кылуу базарларды түзүү жана айыл чарба продукцияларын ички жана тышкы базарларга чыгаруу. | айыл аймагы, чарба субьектилери
| 2018-2022 | Дүңү менен соода кылуучу базарларды көбөйтүү. |
Энергетика | ||||
| Папан жана Жаңы-Арык айыл аймагындагы дарыяларга инвесторлордун жардамы менен кичи ГЭСтерди куруу | Айыл аймагы, демөөрчүлөр жеке ишкерлер | 2018-2022 | Калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо |
Курулуш | ||||
1. | Турак жай курулушуна жеке инвестицияларды эффективдүү тартуу менен турак жай көйгөйлөрүн чечүү. | Айыл аймагы, жер адистер | 2018-2022 | Жеке инвестицянын көлөмүөсөт |
| ||||
Туризм | ||||
| Айыл аймагындагы туристик обөектилер, жаратылыш кооз жерлери жөнүндө видео роликтерди, жарнактарды, буклеттерди жана башка маалымат булактарын чыгаруу менен туризмди өнүктүрүү. | айыл аймагы, ММК | 2018-2022 | Туристер районго көп тартылат |
| Сырткы жана жергиликтүү инвесторлордун жардамы менен райондогу туристик обьектилерди оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү | айыл аймагы | Жыл сайын | Туристердин эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. |
| Туристик обөектилерге баруучу жолдордун абалын жакшыртуу | айыл аймагы, айыл башчылар | 2018-2022 | Туристер айыл аймагына көп тартылат |
Соода жана кызмат көрсөтүү | ||||
1 | Айыл аймагында борбордук базарларды өнүктүрүү планын аткаруу, шартынын жана элге кызмат көрсөтүүсүнүн абалынын жакшыртуу. | Айыл аймагы,, ишкерлер | Жыл сайын | Сатып алуучу кардарлардын саны өсөт |
2 | Элге акчалай кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн өстүрүү. | Айыл аймагы | 2018-2022 | Элге кызмат көрсөтүүнүн көлөмүөсөт |
3 | Күз-кыш мезгилинде элди көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр пунктарын ачуу | Айыл аймагы | Жыл сайын | Элге кызмат көрсөтүүнүн көлөмүөсөт |
|
|
|
|
|
Транспорт жана байланыш | ||||
| Жалпы колдонуудагы унаа жана жөө жолдорду ремонттоо жана аларды такай көзөмөлдөө. | айыл аймагы, айыл башчылар | Жыл сайын | Жолдордун абалы жакшырат. Жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. |
| Айыл аймагына караштуу
айланыпөтүүчү айланма жолдорду бүтүрүү | Айыл башчылар | 2018-
2022 | Жолдордун
оңдолушу |
|
|
|
|
|
Мектептик билим берүү | ||||
| Билим берүү мекемелеринин жана обьектилерин куруу жана оңдоо | Айыл аймагы |
2018-2022 | Билим сапатын жогорулатуу, жаңы окуучулук орундарынын санын көбөйтүү |
| Сапаттуу билимге жетүүүчүн шарттарды түзүү, материалдык техникалык базасын чындоо | Айыл аймагы, мектеп директорлору |
2018-2022 | Компьютердик техника, көрсөтмө куралдар, китеп менен камсыз кылуу |
| Айыл аймагына караштуу мектептерди педагогикалык кадрлар менен камсыздоо | Айыл аймагы, мектеп директорлору | 2018-2022
| Билим сапатын жогорулайт |
| Мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулукту жоюу максатында атайын иш-чараларды аткаруу | Айыл аймагы, мектеп директорлору | 2018-2022 | Жаштар арасындагы кылмыштуулук азаят. |
Саламаттык сактоо тармагында | ||||
| Саламаттыкты сактоо обьектилеринин куруу, оңдоо жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо(ФАПтар) | Айыл аймагы, ҮДТ |
2018-2022 | Алыскы айылдарда жашаган тургундарга өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүлөт |
| Медициналык кызматкерлердин иштерин активдештирүү | Айыл аймгы | Ар дайыма | Атуулдардын ден солугун чыңдоого үйрөтүү, ар түрдүү жугуштуу оорулар жөнүндө калк арасында санитардык агартуу иштерин күчөтүү |
Укук коргоо тармагы | ||||
1. | Коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укуктук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун деңгээлин түшүрүү | Айыл аймагына караштуу участкалык инспекторлор | 2018-2022 | Калктын коопсуздугун сактоо |
Эмгек миграциясы жана иш менен камсыздоо | ||||
| Калкты жумуш менен камсыз кылуу деңгээлин коомдук акы төлөө жумуштарын уюштуруу менен жогорулатуу. | жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу адиси,айыл башчылар |
2018-2022 | Калктын жумуш орду,эмгек базары маселелери боюнча билдирүүлөр менен камсыз болуу деңгелин жогорулатуу |
| Жаңы жумуш орундарын түзүү жумушка жайгашкан атуулдардын санын көбөйтүү | жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу адиси, айыл башчылар |
2018-2022 | Жумушсуздардын санын кыскартылат |
| Эмгек миграциясын оптималдаштыруу чет элдик атуулдардын жумуш ордуна дайыма мониторинг жасоо | жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу адиси, айыл башчылар | 2018-2022 | Жергиликтүү бюджеттке камсыздоо төлөмдөрүн түшүрүү |
| Эмгек рыногу маселесинде калктын маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу | Айыл аймагы, жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу адиси, айыл башчылар |
2018-2022 | Калктын маданияттуулугун жогорулатуу
|
| Жаштар үчүн бизнес-инкубаторлорду түзүү менен аларды кесипке үйрөтүү, жумуш менен камсыз кылуу | Айыл башчылар, эл аралык уюмдар |
2018-2022 | Жумушсуз жаштардын саны азаят |
Маданият тармагында | ||||
| Маданиятты өнүктүрүү боюнча айылдык конкурстарды өткөрүү | Айыл аймагы, айыл аймагынын маданият кызматкерлери, | 2018-2022 | дүйнөлүк маданият алкагында Кыргызстанды интеграциялоо |
| Маданият мекемелерин курууну жана капиталдык ремонттон өткөрүүнү тиешелүү каражаттардын жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашыруу | Айыл аймагы., маданият кызматкерлери, а-к депутаттары |
2018-2022 | Чыгармачыл ишмерлер үчүн тийиштүү шарттарды түзүү |
Дене тарбия, спортту өнүктүрүү жана жаштар саясаты | ||||
1. | Денетарбия жана спортту өнүктүрүү, спорттук комплекстерди, аянттарды жана башкаларды куруу | Айыл аймагы, айыл башчылар |
2018-2022 | Материалдык-техникалык базасын чындоо |
2. | Калк арасында чын ден-соолукта жашоо образын үгүттөөнү күчөтүү | Айыл аймагы, айыл башчылар |
2018-2022 | Ден соолукта жашоону жакшыртуу |
3. | Айыл аймагында жаштар борборлорун түзүү, семинар, түрдүү конкурстарды, КВН, дебаттарды уюштуруу менен алардын интелектуалдык деңгээлин, билимин жогорулатуу, өлкөнүн өнүгүүсүнөөз салымдарын коштуруу. | Айыл аймагы, айыл башчылар, эл аралык уюмдар |
2018-2022 | Жаштар арасында кылмыштуулук азаят |
Экологиялык коопсуздукту камсыздоо. | ||||
| Экологиялык абалды жакшыртуу максатында иш чараларды иштеп чыгуу | Айыл аймагы, айыл башчылар |
2018-2022 | Экологиялык абалдын жакшырышы |
| Айыл аймагындагы экологиялык корук аймактардын абалдарын жакшыртуу боюнча ички жана тышкы инвестицияларды тартуу | айыл аймагы, а-к депутаттары,айыл башчылар |
2018-2022 | Коопсуз экологиялык аймакты түзүү |
| Экологияга зыяндарды алып келүүчү факторлор менен такай иш алып баруу | айыл башчылар | 2018-2022 | Экологиялык булганычтарды алдын алуу. |
| Экологияны коргоо боюнча ар кандай массалык маалымат иштерин жүргүзүү жана семинар-тренингдерди өткөрүү. | айыл аймагы |
2018-2022 | Экология боюнча билимдерди жогорулатуу. |
Өзгөчө кырдаалдар боюнча иш чаралар . | ||||
| Жалпы элдин арасында өзгөчө кырдаалдар учурундагы абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бул боюнча чет элдик уюмдар менен иш алып баруу | МЧС бөлүмү (жер адистери), айыл башчылар, мекеме-уюмдар |
2018-2022 | Ар кандай өзгөчө кырдаалдарга элдин даяр болушу жана ал боюнча сабаттулугунун жогорулашы. |
| Ар кандай кырсыктарга каршы иш чараларды иштеп чыгуу. | МЧС бөлүмү ( жер адистери), айыл башчылар, мекеме-уюмдар |
2018-2022 | Элдин маалыматтар менен камсыз болушу. |
| Селге жана ар кандай көчкүлөргө каршы жумуштарды күчөтүү максатында инвестицяларды тартуу. | МЧС бөлүмү, айыл округдар, мекеме-уюмдар |
2018-2022 | Жалпы экологиялык абалдын жакшырышы. |
| А.Абдукаримов |
Төлөйкөн айыл аймагынын башчысы: | А.Абдукаримов |
Төлөйкөн айыл аймагынын Төлөйкөн айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2018-2022-жылга карата түзүлгөн инвестициялык план
№ К-м | Долбоордун аталышы | Кичи долбоор түрү ( коду) | Аткаруу мөөнөтү(баштоо аяктоо айлары) | Бекитилген жалпы сумма (сом) | Анын ичинен, каражылоо булактары (план) (сом) |
Эскертүү | ||
ЖБ | АРИС | Башкалар | ||||||
1 | Кыргызстан айылына спорт зал куруу
|
| 2018-ж | 8 600 000 | 600000 | 8000000 |
| 2018-жылга сунушталган |
2 | Дыйкан-Кыштак айылына контора куруу |
| 2018-ж | 8 000 000 | 2 000 000 |
|
| 2018-жылга сунушталган |
3 | Учар айылына /ДТ(гсв)ны капиталдык ремонт |
| 2018-ж | 3 074 407 | 480 000 |
| 2 594 407 | 2018-жылга сунушталган |
4 | Н.Сайдиев орто мектебинин эски иамартын капиталдык ремонттон өткөрүп, бала бакчага ылайыкташтыруу |
| 2018-ж | 5 234 800 | 2 234 000 |
| 3 000 000 | 2018-жылга сунушталган |
5 | Айылдарга 25 даана столба сатып алууга |
| 2018-ж | 250 000 | 250 000 |
|
| 2018-жылга сунушталган |
6 | Төлөйкөн айылынын көчөсүн жарыктандырууга |
| 2018-ж | 350 000 | 350 000 |
|
| 2018-жылга сунушталган |
7 | Жапалак айылына канализация тартууга |
| 2018-ж | 1 000 000 | 1 000 000 |
|
| 2018-жылга сунушталган |
9 | Чурулдай көчөсүнүн жолдорун асфальттоо |
| 2017-2018-жыл | 1 200 000 | 1 200 000 |
|
|
|
10 | О.Курбанбаев орто мектебинин имаратын курулушу |
| 2018-жыл | 65 000 000 |
|
| 65 000 000 |
|
11 | Дыкан-Кыштак
айылына газ түтүкчөсүн тартуу |
| 2018-жыл | 3 649 339 | 3 00 000 |
| 3 000 000 | 349 339 |
12 |
Озгур айылынын жолун асфальттоо |
|
2018-жыл |
1 200 000 |
1 200 000 |
|
|
|
13 | Кыргызстан айылына сугат суу түтүктөрүн тартууга |
| 2018-жыл | 2 000 000 | 1 500 000 |
|
|
|
14 | Жаёы –Турмуш таза суу түтүктөрүн |
| 2018-жыл | 200 000 | 200 000 |
|
|
|
Төлөйкөн айыл аймагынын башчысы: | А.Абдукаримов |