Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры. №34-2-1
Төлөйкөн айыл аймагынын Жаны-Турмуш айылына статус берүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагынын Жаны-Турмуш айылынын тургундарынын 17.06.2017-жылдагы элдик жыйынын №1 протоколун талкуулап, Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон айылынын 17.06.2017-жылдагы жалпы элдик жыйынын токтому бекитилсин.
2. Төлөйкөн айыл аймагынын Жаны-Турмуш айылына айыл статусу берилсин.
3. Чек арасы чыгыш тарабы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү, батыш тарабы Папан айыл өкмөтү менен чектешкен деп белгиленсин.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
5. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана иш кагаздарды даярдап берүү жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Х. Сулаймановго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: | И. Ажиматов. |