Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры. №34-2-2
Төлөйкөн айыл аймагынын Коргон айылына статус берүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагынын Коргон айылынын тургундарынын 12.06.2017-жылдагы элдик жыйынын №91 протоколун талкуулап, Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон айылынын 12.06.2017-жылдагы жалпы элдик жыйынын токтому бекитилсин.
2. Төлөйкөн айыл аймагынын Коргон айылына айыл статусу берилсин.
3. Чек арасы чыгыш тарабы үлүштөр №93, №9, 39 көчөлөрүнүн батыш тарабы Кайырма каналына чейин км үлүш жер менен чектешкен деп белгиленсин.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
5. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана иш кагаздарды даярдап берүү жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Х. Сулаймановго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: | И. Ажиматов. |