Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры. №34/5
Учар айылынын тургуну Б.Сайдазовага жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Учар айылынын тургуну Сайдазова Бүсана Бердалиевнанын атына Айыл өкмөтү тарабынан чыгарылган 21.04.2009-жылдагы №48 токтомунун негизинде берилген 400,0м2 жер аянты берилгенден кийин, жер аянтынын үстүнөн жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы өткөрүлгөн, ошондуктан бул жер аянтына үй салууга мүмкүнчүлүк болбой калгандыгына байланыштуу башка жерден жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү арызын карап, талкуулап Төлөйкөн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учар айылынын тургуну Б.Б.Сайдазованын атына чыгарылган 21.04.2009-жылдагы №48 токтомунун иш-жүзүнө ашыруу максатында Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагынан 400,0м2 жер аянты ажыратып берүү жагы суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Кадыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: | И. Ажиматов. |