Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры №34-7-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.02.2008-жылдагы №41 токтомун ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.02.2008-жылдагы №41 токтомун аткаруу максатында, №1093 контурдагы 1.20 га жер аянтын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.02.2008-жылдагы №41 токтомун аткаруу максатында, №1093контурдагы 1.20га жер аянтын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Суралсын Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жер аянттарын бөлүп тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Кадыровго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: | И. Ажиматов. |