Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну №3/4
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан-Кыштак жана Учар айылынын тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан-Кыштак жана Учар айылынын тургундарынын арыздарын канааттандыруу максатында, алардын арыздарын карап жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчага курууга орду бар айылдарда, жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, Республикалык бюджеттен же болбосо демөөрчүлөр тарабынан заманбап бала бакчаларын куруу боюнча иш аракеттерин жүргүзүү жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маданий билим берүү маалымдуулук, байланыш, инвестиция, жаштардын иштери, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | Х. Сулайманов. |