Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну №3/5
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Учар айылында жайгашкан «Үгүт насаат үйүн «Береке» күндүзгү борборуна айландыруу жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Учар айылында жайгашкан «Үгүт насаат үйүн «Береке» күндүзгү борборуна айландыруу боюнчаТөлөйкөн айыл өкмөтүнүн соц адиси М. Эдилбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Учар айылында жайгашкан «Үгүт насаат үйүн «Береке» күндүзгү борборуна айландырылсын.
2. Иш кагаздарын даярдоо жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн соц кызматкери М. Эдилбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ФЭ бөлүмүнө , мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык-экономикалык өнүгүү, коммуналдык, менчик, бюджеттик, финасылык маслелер жана социалдык маданий билим берүү маалымдуулук, байланыш, инвестиция, жаштардын иштери, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | Х. Сулайманов. |