Загрузка документа…
,
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну №3/6
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору боюнча Швецариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги тарабынан каржылануучу жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылуучу, Жапалак айылындагы “Жаштар” клубуна жабдык сатып алуу долбоорду бюджетке киргизүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагында жалпы жыйында кабыл алынган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору боюнча Швецариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги тарабынан каржылануучу жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылуучу, проектти иш жузунө ашыруу максатында Жапалак айылындагы китепкананы (библиотека) “Жаштар” клубуна айландырып, “ Жаштар” клубуна жабдык сатып алуу долбоорду бюджетке киргизүү жөнүндө айыл аймагынын ФЭБ башчысы Г.Бердиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Төлөйкөн айылдык Кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Жапалак айылындагы (библиотека) “Жаштар” клубуна жабдык сатып алууга долбоор боюнча алынып келинген 1,0 миллион сомдук сертификатты айыл өкмөтүнүн 70823 бөлүмүнүн 22221100 буюмдарды жана материалдарды алуу статьясына кириштелсин.
2. Айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен аталган долбоор үчүн 100,0 мин сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Г.Бердиевага милдеттендирилсин.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | Х. Сулайманов. |