Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры №4-2
2018-жылы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу У. Кадыров жөнүндө
Төлөйкөн айылдык кенештин депутаттарынын сунушу менен Төлөйкөн айыл аймагында муниципалдык менчикти пайдалануу, аймактык социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана айыл фондусунун жерлерин пайдалануу жөнүндө, андан тышкары айыл өкмөт тарабынан жергиликтүү маанидеги жүргүзүп жаткан иштери боюнча өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу У. Кадыров маалымат бербегендиги үчүн депутаттардын Төлөйкөн айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык кенештин депутаттарынын сунушу менен Төлөйкөн айыл аймагында муниципалдык менчикти пайдалануу, аймактык социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана айыл фондусунун жерлерин пайдалануу жөнүндө, андан тышкары айыл өкмөт тарабынан жергиликтүү маанидеги жүргүзүп жаткан иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу У. Кадыров маалымат бербегендиги үчүн жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу У. Кадыров өз функционалдык милдетин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын так жана талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына текшерүүгө жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | Х. Сулайманов. |