Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры №4-14
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн балансындагы Учар айылында “Жаштар клубу” муниципалдык мекемесин каржылоо жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн балансындагы Учар айылында жайгашкан “Жаштар клубу” муниципалдык мекемесин каржылоо максатында Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн соц адисинин 2018-жылдын 17-октябрындагы маалыматын угуп жана талкуулап Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл “Жаштар клубун” каржылоо маселеси Швецариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги тарабынан каржылансын.
2. 2019-жылдан баштап “Жаштар клубу” Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы Г. Бердиевага жүктөлсүн.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык-экономикалык өнүгүү коммуналдык менчик, бюджет жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | Х. Сулайманов. |