Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры №4-15
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө жарандардан түшкөн арыздарын кароо жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан-Кыштак айылынын Коргон участкасынын №1502 контурунда жайгашкан Абдуллаев Русланга тиешелүү болгон 1,30 га жер аянтын мурунку өзүнүн ордуна жылдырып берүү жөнүндөгү арызын карап депутаттардын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Дыйкан-Кыштак айылынын Коргон участкасындагы №1502 контурунда жайгашкан Абдуллаев Русланга тиешелүү болгон 1,30га жер аянтын мурунку өзүнүн ордуна жылдырылуусу Төлөйкөн айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул токтомдун мыйзамдуулугу жана аткарылышы Төлөйкөн айыл өеүкмөтүнүн орун басары У. Кадыровго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | Х. Сулайманов. |