Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры №4-16
Жайыт комитетинин төрагасы С.Токсонбаевдин маалыматы жөнүндө
«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» долбоорунун алкагындагы иш пландар боюнча жайыт комитетинин төрагасы С. Токсонбаевдин 2018-жылдын 17-октябрындагы маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учар айылына мал өтүүчү жерге раскол курууу үчүн 0,50га жер ажыратып берүү жагы жайыт комитетинен суралсын.
2. Төлөйкөн айылынан Жапалак кыштоосунун булагынын көзүн ондоо үчүн 0,50га жер аянтын ажыратып берүү жагы жайыт комитетинен суралсын.
3 Озгур айылынын жайыт жерине мал өтүүчү көпүрө куруу үчүн Кара-Суу чарбасынан 0,10 га жер аянтын ажыратып берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын Төлөйкөн өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | Х. Сулайманов. |