Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги ХV1 сессиясы
2018-жылдын 24-декабры №16-2
Он Эки Бел жайыт комитетинин айыл чарба техникаларын эксплуатациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Он Эки Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин жайыт комитетине келген айыл чарба техникаларын эксплуатациялоо жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү И.Калмурзаевдин билдирүүсун угуп чыгышып айылдык кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Он Эки Бел айыл аймагынын жайыт комитетине келген айыл чарба техникаларынэксплуатациялоо жөнүндө жобо бекитилсин . (тиркеме тиркелет)
2. Мындан ары ушул жобонун негизинде иш алып баруу жагы Он Эки Бел айыл аймагындагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл алуу жагы айылдык кенешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Кантов
|
«Бекитемин»
Он Эки Бел айылдык кеңешинин
төрагасы Кантов Д.______________
№ 16-2 “ 24 ” декабрь 2018-жыл.
Ушул жобо Айыл чарба техниканы эксплуатациялоону пайдалануу тууралуу жобо болуп эсептелет, (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
I. Жалпы жоболор.
Айыл өкмөтү алынган техниканы АРИС, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге негиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат.
Айыл чарба техниканы эксплуатациялоо жана пайдалануу тартиби (мындан ары Айыл чарба техника), Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги Айыл чарба техниканы, Жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна берет.
Айыл чарба техниканы эксплуатациялоону пайдалануу боюнча укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөтүн белгилөө жайыт комитетинин жана айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизде ишке ашат.
Айыл чарба техника айыл аймагынын аймагында жана ага жакын турган айылдарда пайдаланылат, жайытты башкаруу планында жана жылдык планда белгиленген жумуштарды жана комерциялык кызматтарды көрсөтөт.
Жайытты башкаруу планында белгиленген иш-чаралар:
Комерциялык кызматтар буюртмачынын кайрылуусу боюнча аткарылуучу жумуш техника аткаруучу жумушка туура келсе көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө жайыт комитети тарабынан иштелип чыгылган жана айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифи боюнча төлөнөт.
Айыл чарба техниканы эксплуатациялоодо жайыт комитети техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул жобону жетекчиликке алат.
Механизатор, мехинизаторду тандап алуу боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен тандалып алынат. (Тиркеме №2).
Айыл чарба техниканы эксплуатациялоо боюнча келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда жайыт комитетинин жана текшерүү комиссия мүчөлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусунда чечилет.
2. Жайыт комитетинин милдеттери:
· Кыргыз Республкасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Айыл чарба техниканы башкаруу жана тейлөө боюнча персоналдын сандык жана сапаттык курамын аныктайт;
· Айыл чарба техниканын иштөө графигин иштеп чыгат жана ЖПБ мүчөлөрүнө жеткирет;
· Айыл чарба техниканы пайдалануу менен аткарылган жумуштардын эсебин алат;
· көрсөтүлгөн коммерциялык кызматтар үчүн алынган каражаттарга финансалык документерди берүүгө (чек/киреше ордердин квитанциясы ж.б.) жана алынган, жумшалган каражаттардын финансалык эсебин алууга;
· айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган жумуштар боюнча финансалык отчетторду берүүгө;
· техниканы кармоону ветеринардык, экологиялык жана санитардык нормаларды, техниканы башкаруучу персоналдын техникалык коопсуздугун сактоо менен кармоо;
· эксплуатациялоо боюнча кабыл алынган чечимдердин жана түзүлгөн келишимдин талаптарын аткаруу;
· тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБО корутунду сунуштарын аткарууга алуу;
· Айыл чарба техниканы эксплуатациялоо боюнча мониторинг жана баалоо иш чараларын жүргүзүү үчүн талап кылынган документерди ЖӨАБО, донорлорго керектүү документерди берүү;
Даярдаган: Он Эки Бел ЖК
Төрагасы: Калмурзаев И.
_____________________(колу) М.О.
“___”___________2018- жыл.