Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги ХV11 сессиясы
2019-жылдын 15-марты №17-2
Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдын 14-мартындагы №1 протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 55 беренесинин 5 пунктунун талаптарын аткарууга алуу боюнчаОн Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасыИ.Калмурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 1 протоколу бекитилсин .
2. Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата 144700 сомдук сметалык божомол иш-планы бекитилсин .
3. Он Эки Бел окмотунун аймагында шарттуу мал башына анын ичинен: кара мал , эчки, жылкы, торпокко-бир сезонго 140 сом . бир айга 20 сом , койго-бир сезонго 84 сом , бир айга 12 сом өлчөмүндө жайыт акысы бекитилсин.
4. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жайытка чыгуу боюнча график жазда жайытка чыгуу 1- апрелден, күзүндө малдарды коюп жибербөө боюнча көзөмөл жүргүзүү Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесине жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Он Эки Бел айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д.Кантов |
№1 П Р О Т О К О Л У
Он Эки Бел айылы. 14- март 2019- жыл.
Жыйынга катышкандар 45 адам.
Жыйындын төрагасы: К. Анарбаев.
Жыйындын катчысы: Т. Калбаев.
Кара мал, торпок, жылкы, эчки – айына 20 (17) сом. Кой – 12 ( 9) сом. (Жайыт комитетинин төрагасы И. Калмурзаевдин маалыматы).
Жыйынды Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айыл башчысы К. Анарбаев ачып, жыйындын катышуучуларын күн тартибиндеги маселелер менен тааныштырып, бирнчи маселе боюнча Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы И. Калмурзаевке сөз берди.
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы И. Калмурзаев чыгып , жыйындын катышуучуларына төмөндөгүдөй маалымат берди:
Урматтуу жыйындын катышуучулары! Сиздерге Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 - жыл ичинде аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берсем.
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесине карамагында 811га ички жайыт бар.
Анын ичинен : 500 га пайдаланууга ынгайлуу жайыт жерлери
75 га жер аянты жеке менчигине мамлекеттик акт алган.
236 га жер аянты таштак , ынгайсыз ж.б. жер аянттары болуп эсептелет.
Он Эки бел жайыт комитетинин карамагындагы 500 га ички жайыттын ичинен 73 га жайыты өздөштүрүлгөн (бак) жайыт болуп эсептелет. Бул өздөштүрүлгөн жайыттар 3000 сом өлчөмүндө жайыт акысын төлөө бекитилген.
Он Эки Бел жайыт комитетинин карамагындагы 500 га ички жайыттын ичинен 73 га жайыты өздөштүрүлгөн (бак) жайыт болуп эсептелет. Бул өздөштүрүлгөн жайыттардын эсебинен 217049 сом жайыт комитетине түшөт.
Он Эки Бел жайыт комитетинин 2018 - жылга 217049 сом бюджети каралып , анын аткарылышы 217049 сомго аткарылып , 100 % пайызды түздү.
Он Эки Бел айыл өкмөтү боюнча 2018- жылга жалпысы 7396 баш мал эсептелип,
анын ичинен: уй -1752 баш , кой – 2658 баш , эчки 2264 баш , жылкы – 155 баш , торпок –1589 баш.
Айыл аймагында 2 жек вет. сервис бар. «Асель» вет. врач Калбаев Т. «Шайырбек» вет. врач Эрназаров С.
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 - жыл ичинде жайыттардын инфрастуктурасын жакшыртуу боюнча аткарылган иштери жөнүндө маалымат айтсам:
1. Он Эки Бел айыл аймагындагы Нарай айылынын Кызыл- Адыр жайыт тосуу жалпысы : долбоор боюнча 814406 сом, анын ичинен: АРИС тарабынан – 575 036 сом , накталай акча - 43 430 сом, эмгек салымы – 195 940 сом.
2. Он Эки Бел айыл аймагындагы Нарай айылынын Долоно бөлүмүндөгү жайытка чыгуучу жолду ондоо жалпысы : долбоор боюнча 31 000 сом, анын ичинен: , жайыт комитетинен накталай акча - 16 000 сом, эмгек салымы –
15 000 сом.
3. Он Эки Бел айыл аймагындагы Өрнөк айылынын Живпром жайыт тосуу жалпысы : долбоор боюнча 315940 сом, анын ичинен: накталай акча - 120000 сом, эмгек салымы – 195 940 сом.
. Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга жалпысы: 1161346 сом, анын ичинен : АРИС тарабынан – 575 036 сом , 179 430 сом накталай акча , эмгек салымы 406880 сом жумшалган.
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018 - жылга карата бюджетинин иш- планынын аткарылышы мен жогоруда айтып өткөн 500 га пайдаланууга ынгайлуу жайыттын ичинен 73 га өздөштүрүлгөн жайыт жеринин 217049 сом жайыт акы өндүрүлүп, ошол акчанын эсебинен биз планды жана инфраструктураны ондоо боюнча иштерди аткарып келе жатабыз.
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар би рикмесинин 2018- жылга шарттуу мал башына бекитилген жайыт акысы боюнча маалымат менен тааныштырайын:
Саны коэф шмб жайыт акы сумма
Уй 1666 - 1452 1.0 1452 1 сезонго 117 (140) сом 116160
68- 80 1 айга 17 (20) сом
Кой 2882- 2342 0.2 468 1 сезонго 63 (84) сом 22464
36- 48 1 айга 9 (12) сом
Эчки 2828- 1036 0,2 207 1 сезонго 119 (140) сом 16560
68- 80 1 айга 17 (20) сом
Жылкы 168-136 1,0 136 1 сезонго 119 (140) сом 10880
68- 80 1 айга 17 (20) сом
Торпок 1017- 865 0,7 605 1 сезонго 119 (140) сом 48400
68- 80 1 айга 17 (20) сом
Бардыгы: 8561 - 6045 214464
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018- жылга карата бекитилген сметалык божомол иш- планынын аткарылышы боюнча
План Аткарылышы
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу 50 000 50 000
Сапардык чыгым 10 000 10 000
Конц. Товарга 1500 1500
Соц. Фонд 17.25 % 4058 4058
Жайыттын жер салыгы 10712 10712
Сатуудан түшкөн салык --- ---
Транспорттук чыгым --- ---
Эмгек акы ( 7 ай ) 70 000 70 000
Ассосацияга мүчөлүк взносу 2000 2000
Бардыгы: 148 270 сом. 148 270 сом.
2018- жылга жалпысы: 217049 сом, анын ичинен: жайыттын жер салыгы 10712 сом.
206337 сомдун үчтөн бири айыл өкмөтүнө 68779 сом, эки бөлүгү 137 558 сом жайыт комитетине которулуп берилди.
Бирок жайыт комитетинин карамагында ички жайыт гана болгондуктан, жайыт жетишпегендигине байланыштуу жогорудагы мал башына салынган жайыт салыгын өндүрүү өтө кыйынчылык болууда , анткени малчылар , койчулар жайыт үчүн бүгүнкү күнгө чейин эч кандай салык төлөшкөн эмес. Ошого байланыштуу жайыт салыгын өндүрүү , элге түшүндүрүү бир топ кыйынчылыктарды алып келүүдө. Айыл өкмөтүнүн ички жайыттары гана болгондуктан , алыскы жайыттарыбыз жоктугунан биздин малдарыбыз токой чарбасынын жана башка жайыт комитеттеринин жайыттарынан пайдаланууда. Жайыт акысын токой чарбасына жана пайдаланган жайыт комитеттерине төлөшүүдө.Бирок биздин ички жайыттарыбызга жаздын алдында эки ай, күзүндө эки ай , бир сезондо төрт ай мал жайылат , бүгүнкү күндө малчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз жазында жана күзүндө жайган жайытты үчүн гана жайыт акысын төлөш керек экендигин. Ошол себептен малчылар 2019- жылга эл түшүнүп жайыт акысын төгө баштайт деген ойдобуз.
Мен Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата бюджетинин божомол планы менен сиздерди тааныштырып өтөйүн:
Он Эки Бел айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосунда 2018- жылда өзгөрүүлөр боду, анткени жайыт комитетинин 2018- жылдык божомол бюджетинин сметалык планы айыл өкмөтү аркылуу жүргүзүлдү, 2019-жылдык сметалык планынын үчтөн бир бөлүгү айыл өкмөтүнө калат, калган эки бөлүгү жайыт комитетине айыл өкмөтү аркылуу берилет. 2018- жылга чейин жайыт комитети бюджетин өзү аткарып келген.
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мен сиздерге тааныштырган бюджетинин аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал башына жайыт акысын төлөбөсөк аткарыбайт.Ошондуктан Ноокат району боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоциациясы тарабынан 2016- жылдын 19- январындагы № 2 катында «Ноокат районунун аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Ассоциациясы тарабынан Ноокат Токой чарбасынын жайыт жеринин акысын ушул жылдын 19- январында жайыт акы эсеби боюнча мал башына коюлган бааларды , пайдаланылган жайыт акыларынын төлөмдөрүн бирдей баага келтирүү максатында : эчкилерге айына 20,00 сом , койлорго айына 12,00 сом , кара малга айына 20,00 сом , жылкыларга айына 20,00 сом болгон бааны бекитип берүү жиберилген». Ушул каттын негизинде Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин шарттуу мал башына жайыт акысы боюнча калтырылды.
Мындан сырткары жайыт комитетине бир даана Тукан маркасындагы прессподборщик жалпы баасы 820 000 сом, анын ичинен 205 000 сому жайыт комитетинин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен, 615 000 сому АРИС тарабынан, ошондой эле бир даана МТЗ- 82-1 маркасындагы трактор жалпы баасы 1 456 000 сом, анын ичинен 364 000 сому Он Эки Бел айыл өкмөтүнөн, 1 092 000 сому Кыргыз Республикасынын айыл- чарба тамак- аш жана министрлиги жана АРИС аркылуу каржыланып берилди.
Ошондой эле жайыт комитетине айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен 30 га жер аянты бөлүнүп берилип, жайыт комитетинин алдында «Он Эки Бел өнүгүү» үрөн фонду уюштурулуп, фондун жетекчиси Сатыбалдыев Абдилаким шайланган, фондко айыл – чарба министрлигинин алдындагы фонддорду колдоо бөлүмү тарабынан жайыт комитетинин ишин колдоо жана жакшыртуу максатында 4 тонна арпа, 3 тонна селитра, 3 тонна амофос берилип, бүгүнкү күндө бөлүнүп берилген үрөндөрдү себүүдө.
Мындан тышкары мен сиздерге жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кенешинин курамын , текшерүү комиссиясынын курамын , жайыт жер аянттарына гектарына 3000 сомдон , жайытка чыгуу боюнча график жазда жайытка чыгуу 1- апрелден . күзүндө малдарды коюп жибербөө боюнча кандай сунуштарыныздар болсо айтсаныздар талкууга алып бир чечимге келип алсак жакшы болот.
Мен сөзүмдүн аягында депутаттардан суранып кетеер элем жайыт боюнча , жайыт акыларын өндүрүүдө , жайыт үчүн ар бир мал башына жайыт акысын төлөө боюнча элге түшүндүрүү иштерине жакындан жардам беришиниздерди суранып кетем. Көнүл бурганыныздар үчүн рахмат . Суроолор болсо берсениздер болот.
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айыл башчысы жыйындын төрагасы К. Анарбаев :
Жыйындын катышуучулары , күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча жайыт комитетинин төрагасы И. Калмурзаевдин билдирүүсүн уктунуздар кимде кандай суроолор болсо берсениздер болот.
Суроо: Нарай айылынын тургуну А. Нурдинов жайыттарда мал көптүгүнөн такырланып жатат, жайыттарды жакшыртуу боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатасынар.
Жооп: жайыт комитетинин төрагасы И. Калмурзаев айыл аймагы боюнча бир ган ички жайыт бар, алыскы жайыттарыбыз жоктугунан жайытыбызга мал башы көптүк кылат ошондуктан жайыттарыбыз такырланууда, биз 2018- жылда комиссия мониторинг , баалоо жүргүзщүп карап чыгып ички жайыттын деградацияланып башкача айтканда такырланып кеткендигине байланыштуу жайыттарды жакшыртуу максатында жайыт үрөндөрүн жоктугуна байланыштуу эспарцет жана беде үрөнүн себүүгө пландаштыруудабыз. Анткени жайыт комитетинин бюджети өтө аз, чон иштерди кылууга акча каражаты жетпейт. Жайыт жерлерине көп үрөндөрдү көп чыгашаны талап кылат , ошондуктан биз 1,00 га жайыт жер аянтына эспарцет жана беде үрөнүн себүүгө жана тосмолорду уюштурууга пландаштыруудабыз.
Суроо: Он Эки Бел айылынын тургуну Э. Досанов жайыт жерлерин жайыт пайдалануучуларга бөлүштүрүү кандай жүрүп жатат.
Жооп: жайыт комитетинин төрагасы И. Калмурзаев.
Жайыт комитетинин карамагында 811 га ички жайыт бар, анын көпчүлүк бөлүгү Нарай жана Өрнөк айылдарында жайгашкан, калган айылдардагы жайыттар айдоо жерлердин четиндеги жайыттар болуп эсептелет, алыскы жайыттар жок , ошондуктан биз бул жайыттарды жалпы эле эл биргеликте пайдалануудабыз , малдын башы көп болгондуктан, жайыттарды бөлүштүрүүгө болбойт , себеби бизде жайыт аз. Эгерде бөлүштүрүп келсек мал башына жайыт жетпейт. Ошондуктан малдарды жайытка чыгарууда жазында жана күзүндөгү графикти карап чыгарсак жайыттардын такырлануусун алдын алган болоор элек.
Жыйындын төрагасы К. Анарбаев : жыйындын катышучулары дагы суроолор болсо бериниздер , эгерде суроолор жок болсо күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча колго салып койсом.
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018- жыл ичинде аткарган иштери жана 2018 -жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы И. Калмурзаевдин иши канаатандырарлык деген жайыт пайдалануучулардын кол көтөрүп коюсун сурайм.
- бир добуштан баары макул.
- каршы , калыс жок.
Анда эмесе күн тартибиндеги экинчи маселеге өтсөк жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ревизиялык комиссиясынын төрагасы Р. Сагынбаевке сөз берсек.
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча жайыт падалануучулар бирикмесинин текшерүү комиссиянын төрагасы Р. Сагынбаев чыгып төмөндөгүдөй маалымат берди:
Урматтуу жыйындын катышуучулары ! Жогоруда жайыт комитетинин төрагасы сиздерге маалымат берип өттү, жайыт комитетинин 2018- жылга аткарган иштери жакшы деп айтсак болот. Себеби жайыт комитетинин карамагында 811 га гана ички жайыт бар. Ошол аз жайыт эсебинен жайыттарды жакшыртуу боюнча бир топ иштерди аткарып келе жатат , бүгүнкү күндө элге пайдаланууга берилип эл пайдаланып келүүдө. 2018-жылга Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджети 217049 сомго түзүлгөн болсо, 217049 сомго аткарылып, 100 пайызды түзгөн. Жайыт комитети тарабынан өндүрүлгөн акча каражаттары өз багытында , сарамжалдуу пайдаланган , бул боюнча эч кандай катачылыктарга жол коюлган эмес. Кыйынчылыктарга карабастан жайыт комитетинин ишин алга жылдырып келе жатат, келечекте жайыттарга көнүл бурулуп , биздин жайыттарыбыз дагы жакшырат деген ойдобуз. Текшерүү комиссиясы 2018- жылда жайыт комитетинин аткарган иштерин канааттандыраарлык деп эсептейт.
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айыл башчысы жыйындын төрагасы К. Анарбаев :
Жыйындын катышуучулары , күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча жайыт комитетинин ревизиялык комиссиясынын төрагасы Р. Сагынбаевдин билдирүүсүн уктунуздур кимде кандай суроолор болсо берсениздер болот.
Эгерде суроолор жок болсо күн тартибиндеги үчүнчү маселеге өтсөк.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин божомолун бекитүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы И. Калмурзаевдин маалыматын уксак.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча жайыт комитетинин төрагасы И. Калмурзаев чыгып төмөндөгүдөй маалымат берди:
Жыйындын катышуучулары Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019 -жылга карата бюджетинин божомол планы менен сиздерди тааныштырып өтөйүн:
Он Эки Бел айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосунда 2018- жылда өзгөрүүлөр болоду, жайыт комитетинин 2019- жылдык божомол бюджетинин сметалык планы да айыл өкмөтү аркылуу жүргүзүлөт, жылдык сметалык планынын үчтөн бир бөлүгү айыл өкмөтүнө калат, калган эки бөлүгү жайыт комитетине айыл өкмөтү аркылуу берилет. 2018- жылга чейин жайыт комитети бюджетин өзү аткарып келген.
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019- жылга карата сметалык божомол иш- планы.
План
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу 50 000
Сапардык чыгым 8 000
Конц. Товарга 2000
Соц. Фонд 17.25 % 5000
Жайыттын жер салыгы ---
Сатуудан түшкөн салык ---
Транспорттук чыгым ---
Эмгек акы ( 7 ай ) 70 000
Ассосацияга мүчөлүк взносу 5000
Башка чыгымдар 4700
Бардыгы: 144 700 сом.
2019- жылга жалпысы: 217049 сомдун үчтөн бири айыл өкмөтүнө 72350 сом жайыт жер салыгы ичинде, эки бөлүгү 144700 сом жайыт комитетине калат.
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мен сиздерге тааныштырган бюджетинин аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал башына жайыт акысын төлөбөсөк аткарыбайт.Ошондуктан Ноокат району боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоциациясы тарабынан 2016- жылдын 19- январындагы № 2 катында «Ноокат районунун аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Ассоциациясы тарабынан Ноокат Токой чарбасынын жайыт жеринин акысын ушул жылдын 19- январында жайыт акы эсеби боюнча мал башына коюлган бааларды , пайдаланылган жайыт акыларынын төлөмдөрүн бирдей баага келтирүү максатында : эчкилерге айына 20,00 сом , койлорго айына 12,00 сом , кара малга айына 20,00 сом , жылкыларга айына 20,00 сом болгон бааны бекитип берүү жиберилген». Ушул каттын негизинде Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин шарттуу мал башына жайыт акысы боюнча божомолун сиздерге сунуш кылайын .
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар би рикмесинин 2019- жылга шарттуу мал башына төлөнүүчү жайыт акысы боюнча маалымат.
Саны коэф шмб жайыт акы сумма
Уй 1930 - 1561 1.0 1561 1 сезонго 117 (140) сом 124880
68- 80 1 айга 17 (20) сом
Кой 4687- 2756 0.2 551 1 сезонго 63 (84) сом 26448
36- 48 1 айга 9 (12) сом
Эчки 1484- 943 0,2 189 1 сезонго 119 (140) сом 15120
68- 80 1 айга 17 (20) сом
Жылкы 196-145 1,0 145 1 сезонго 119 (140) сом 11600
68- 80 1 айга 17 (20) сом
Торпок 521- 489 0,7 342 1 сезонго 119 (140) сом 27360
68- 80 1 айга 17 (20) сом
Бардыгы: 8818 - 5894 205408
Мындан тышкары мен сиздерге жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кенешинин курамын , текшерүү комиссиясынын курамын , жайыт жеринен өздөштүрүлгөн жер аянттарына болгон төлөмдөрдү жайыт жер аянттарына гектарына 3000 сомдон , жайытка чыгуу боюнча график жазда жайытка чыгуу 1- апрелден . күзүндө малдарды коюп жибербөө боюнча кандай сунуштарыныздар болсо айтсаныздар талкууга алып бир чечимге келип алсак жакшы болот.
Мен сиздерге сунушум жайыт комитетинин төрагасына менден башка адамды шайлап алсаныздар, былтыры 2018- жылдын башында жалпы жыйында мени бир жылга шайлагансыздар, мына убакыт келди, бир адамды таап шайласаныздар, себеби мен айыл өкмөтүнүн жер адиси да болуп иштеп келе жатам, ошондой эле жайыт комитетинин эсепчиси Борубаева Зулпия эже дагы ишин тапшырган, башка эепчи дайындасак ал да ишин өткөрүп берсем деп жатат, ал эже да айыл өкмөтүндө кассир болуп иштейт, бул боюнча мыйзамга туура келбейт экен, текшерүүлөр келип жатат, аларга түшүндүрүп жатабыз, бирок мыйзамга туура болбойт, ошондуктан жайыт комитетинин төрагасына жана эсепчисине өзүнүздөр жакшы адамды шайлап алсаныздар, биз ал адамдарга жакындан жардам берип турабыз.
Сунуш: Он Эки Бел айылынын тургуну, жайыт пайдаланучу Э. Досанов: Бизге жайыт комитетинин төрагасына башка адам шайдаш үчүн элге толук маалымат жеткирели, адам таап аны шайлап алсак болот. Мен жыйындын катышуучуларына айтарым биз өзүбүзгө жайыт комитетине төрага шайлаганга чейин И. Калмурзаев иштеп турса деген сунушум бар. Жайыт акысы боюнча айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери менен биргеликте жайыт акысын элден чогултууну айыл өкмөтү менен сүйлөшүү менен иш алып барышса, жайыт комитетинин иши алдыга жылат.
Сунуш: Нарай айылынын тургуну О. Сатыбалдыев: Жогорудагы сунуш туура, И. Калмурзаевден башканы шайласак, АРИС боюнча түшүнүк жок, бул проект боюнча даяр акчадан калып калабыз, ошондуктан И. Калмурзаевди калтыралы АРИС долбоору боюнча да бизге жардам берсин.
Сунуш: Он Эки Мойнок айылынын тургуну Р. Сагынбаев: АРИС тарабынан жайыт комитети аркылуу жеке ветериналарга ветеринардык материалдар жана мотоцикл берилген, ушул жеке ветериналар менен биргеликте жайыт комитети жайыт акысын малчылардан чогултуп, чогуу иш алып барышса.
Сунуш: Нарай айылынын тургуну А. Нурдинов: Жогорудагы айтылган сунуштар туура, эгерде биз жайыт комитетинин төрагасына башка адамды шайлай турган болсок, кызыгып иштей турган, элдин көйгөйлүү маселелерин түшүнгөн, ошол маселелерди чече турган адамды шайлаш керек, эгерде ал ишке кызыктар болбосо андай адамды шайлаштын кереги жок.
Сунуш: Өрнөк айылынын тургуну, жайыт пайдаланучу Д. Арзыев: Бизге жайыт комитетинин төрагасына сенден башка адам жок, өзүн бизге жардам берип келе жатасын, өзүн иштей бер. Мен жыйындын катышуучуларына айтарым биз өзүбүзгө жайыт комитетине төрага шайлаганга чейин И. Калмурзаевден дагы бир жыл иштеп бер деп сураналы.
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айыл башчысы жыйындын төрагасы К. Анарбаев:
Жогорудагы сунуш боюнча кимде дагы кандай сунуш бар айтсаныздар, эгерде башка сунуш жок боло колго салайын:
-Он Эки Бел жайыт комитетинин төрагасы болуп И. Калмурзаев калсын деген жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнүн кол көтөрүп коюусун сурайм,
- баары макул,
- каршы, калыс жок.
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айыл башчысы жыйындын төрагасы К. Анарбаев:
Жыйындын катышуучулары , күн тартибиндеги маселе боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы И. Калмурзаевдин билдирүүсүн жана сунуштарын уктук , суроолор жана сунуштар болсо берсениздер болот.
Сунуш : Нарай айылынын тургуну , айылдык кенешинин депутаты, жайыт падалануучу А. Нурдинов чыгып төмөнкүлөргө токтолду:
Жогоруда айтылган сунуштар туура деп эсептейм, себеби жайытты биз пайдаланып жаткандан кийин жайыттырыбызды жакшыртууга биз да аракет кылышыбыз керек. Жайытка чыгуу грфигин бекитип алсак , жайыттырыбыздын такырлануусун алдын алган болобуз . Ал эми жайыт акысын мал башына малчылар, койчулар элден алган малбашына топтоп жайыт комитетине төлөп берсек. Жайыт комитетине жакындан жардам бербесек болбойт, жайыт келечеке да, өзүбүзгө да керек.
Кийинки сөзгө Нарай айылынын тургуну , айылдык кенешинин депутаты, жайыт пайдалануучу О. Сатыбалдыев чыгып төмөнкүлөргө токтолду:
Жогорудагы сунуштар негизинен туура , малдар боюнча катуу көзөмөл жүргүзүп турушубуз керек , анткени бак дарактарды жеп көгөртө койбой жатат, ошондо биз жайытка да көнүл буруп малдарга бир чара көрбөсөк болбойт. Бактар боюнча ижара акыларын караштырып коюшубуз керек , себеби бак кылыш кыйын , бакты караш дагы кыйын, биздин жерлер ак топурак болгондуктан жерди иштетиш өтө кыйын , ошого сүрүлгөн ак топурак жерлерге жакшы үрөндөрдөн таппасак болбойт.
Кийинки сөзгө Өрнөк айылынын тургуну жайыт пайдалануучу С. Осмонова чыгып төмөнкүлөргө токтолду:
Жогоруда айтылган сунуштарга мен да кошулам , малдарды жайытка чыгаруу боюнча графикти бекитип алсак жакшы болот. Жазында малдар жайытка эрте чыкса жайытта чөп жок болот , малдар туягы менен чыгып жаткан чөптөрдү жок кылат. Ошондуктан жазында 1- апрелден баштап жайытка малдарды чыгарсак , ал эми малдарды кароосуз калтырганга болбойт, мал кылгандан кийин артынан түшүп карашыбыз керек. Бүгүнкү күнгө чейин жайыт акысын эч кимибиз төлөгөн жокбуз, быйылкы жылдан баштап малчылар өзүбүз алган мал башына жайыт комитетине төлөп, жайыт билеттерин алып, аныктамаларды алып, элдерге да түшүндүрүү иштерин колго алсак жакшы болот.
Сөз Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айыл башчысы К. Анарбаев берилди:
Урматтуу жыйындын катышуучулары ! Биз жогоруда Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018- жылда аткарган иштери , бюджетинин аткарылышы жана 2019- жылга бюджетинин божомолун уктук. Сиздерден сураныч жайыт боюнча элдерге түшүндүрүү иштерин жайылтсак , себеби биз мал кармап келгенбиз жана мал кармайбыз , ошондуктан бизге жайыт керек. Сөзүмдүн аягында жыйындынкатышуучуларына чон ыраазычылык билдирем, келип биз менен биргеликте жайытты жакшыртуу боюнча иш- аракеттерди чечүүгө элдин көгөйлүү маселелерин чечүүдө өзүнүздөрдүн сунушунуздарды айтып чечип алдык.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ишин жандандыруу жана колдоо көрсөтүү максатында жалпы жыйын
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018- жыл ичинде аткарган иштери жана 2018- жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019- жылга аткаруучу иштери жана бюджетинин божомол планы 217 049 сомго бекитилсин.
3. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагында шарттуу мал башына анын ичинен: кара мал , эчки , жылкы , торпоко – бир сезонго 120 сом , бир айга 20 сом, койго – бир сезонго 84 сом , бир айга 12 сом өлчөмүндө жайыт акысы бекитилсин.
4. Ноокат райондук токой чарбасынын жайытына чыккан малдардын шарттуу мал башына жайыт акысы район аймагындагы жайыт комитеттеринин жайыт акысы менен бирдей болушу Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин асоссациясына сунушталсын.
5. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы малчыларга, койчуларга шарттуу мал башына жайыт акысын төлөө элден топтоп алган мал башына жайыт комитетине төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
6. Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына жана эсепчисине азыркыубакта талапкерлер жок болгондуктан, талапкерлер шайланганга чейин жайыт комитетинин ишин алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы И. Калмурзаевке тапшырылсын.
7. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жайытка чыгуу боюнча график жазда жайытка чыгуу 1- апрелден . күзүндө малдарды коюп жибербөө боюнча көзөмөл жүргүзүү Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесине жүктөлсүн.
8. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Он Эки Бел айылдык кенешинен суралсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин текшерүү комиссиясына тапшырылсын.
Жыйындын төрагасы: К. Анарбаев.
Жыйындын катчысы: Т. Калбаев.
Он Эки Бел айылдык кенешининалтынчы
чакырылышынын кезектеги ХУ11
сессиясынын 15.03.2019 № 17-2 токтомуна
№ 1 тиркеме
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019- жылга карата
сметалык божомол иш- планынын чыгаша бөлүмү.
План
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу 185 000
Сапардык чыгым 10 000
Конц. Товарга 5000
Соц. Фонд 17.25 % 22770
Жайыттын жер салыгы 10713
Сатуудан түшкөн салык ---
Транспорттук чыгым ---
Эмгек акы ( 72 000 – 60 000 ) 132 000
Ассосацияга мүчөлүк взносу 2000
Бардыгы: 367 483 сом.
Жайыт комитетинин эсепчиси: ________________________