Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги ХV1 сессиясы
2019-жылдын 15-марты №17-4
Он Эки Бел айыл аймагындагы “Мөлтүр суу” СПАсынын башчысы А.Мамажунусовдун 2018 -жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата бюджетин бекитип берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 55 беренесинин 5 пунктунун талаптарын аткарууга алуу боюнча Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Мөлтүр суу”СПА сынын 2018-жылда аткарган иштери жана 2018-жылга карата план тапшырмалары жөнүндөгү А.Мамажунусовдун билдирүүсүн айылдык кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Мөлтүр суу”СПАсынын башчысы А.Мамажунусовдун 2018-жылда чарбалык субьектилерди агын суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзгөн иштери канааттандыраралык деп эсептелинсин.
2. “Мөлтүр суу”СПАсынын 2019-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 663 000 сом эсебинде бекитилсин.
3. 2019 -жылга 1 гектарына сууга болгон кызмат акы 900 (тогуз жүз) сомдон бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Төрага | Д.Кантов |