Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги ХV1 сессиясы
2019-жылдын 15-марты №17-7
Он Эки Бел айыл аймагынын Өрнөк айылынын жаштары тарабынан айылга стадион куруу боюнча жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү арызы
Он Эки Бел айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын депутаттары күн тартибиндеги Өрнөк айылына стадион куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап чыгышып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13,25 беренелерине негиз :
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Он Эки Бел айыл аймагынын Өрнөк участкасынын жаштары тарабынан стадион куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү арызы канаатандырылсын.
2. Он Эки Бел айыл аймагындагы Өрнөк участкасындагы муниципалдык менчикте турган жерден 0,15 га жер аянты стадион куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Стадион куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтына юридикалык иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турсункуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Кантов |