Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектегиXVIII сессиясы
2019-жылдын 24-июлу №18-7
Он Эки Бел айыл аймагынын аты жок жаны көчөлөрүнө ат коюуу жөнүндөгү чогулуштарынын протколун бекитип берүү жөнүндө
Он ЭкиБел айыл аймагынын Он Эки Бел жана Шорон участкасынын тургундарынын көчөлөргө ат ыйгаруу жөнүндөгү 2019-жылдын 15- июлундагы чогулушунун протоколдорун бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп чыгышып ,Кыргыз Республикасынын « Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү » Мыйзамынын 31-статьясынын ылайык Он Эки Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Он Эки Бел айыл аймагынын жаны көчөлөрүнүнтургундарынын 2019-жылдын 20-июлундагычогулушунунпротоколдорубекитилсин.
2. Он Эки Бел айылындагы жаны аты жок көчөсү Үсөнөв Арзыбай атындагы , Шорон участкасынын жаны аты жок көчөсү “ ЖАШТАР” көчөсүдеп аталсын.
3. Жаныдан ат ыйгарылган көчөлөргө аталыштарын тууралуу жазууларды,үйномерлеринжазыпилүүнууюштурууайыл башчы К.Анарбаевге тапшырылсын.
Төрага | Д.Кантов |
Он Эки Бел айылы. 19-июль 2019-жыл
Чогулушту айыл өкмөтүнүн айыл башчысы К. Анарбаев алып барды.
Чогулушка айылдык кенешинин депутаттары ,айыл башчылар жана айылдын тургундары катышты. .
Угулду : Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн айыл башчысы К.Анарбаев төмөнкүлөргө токтолду.
Урматтуу жыйындын катышуучулары өзүнуздөргө белгилүү 2020-жылы эл жана турак-жай фондуна каттоо жүргүзүлөт ,ошондуктан каттоодо ар бир турак- жайдын так дареги болушу керек. Бизге жогорку жактан жылдын башынан бери аты жок көчөлөргө ат ыйгарып, үйлөрго номерлерди беруу боюнча тапшырмалар , милдеттер жүктөлүп жатат. Негизинен көчөлөрдүн аттары жазылып илинген, бирок жаны көчөлөргө ат бериле элек. Ошондуктан ушул Он Эки Бел айылынын жаны көчөлөрүнө ат ыйгаруу боюнча жыйналып отурабыз. Биз алдын ала көчөлөрдүн тургундары жана депутаттар менен макулдашып, Шорон айылындагы жаны көчөгө ”Жаштар “ деп , ал эми Он Эки Бел айылындагы жаны көчөгө Арзыбай Үсөнөв атындагы көчө деп аталсын деген сунушту сиздерге сунуштаймын.Эгерде колдоп берсениздер,айылдык кенештин депутаттары бекитип беришет, эгерде каршы болсонуздар анда өзунүздөрдүн сунушунздарды берип башка варианттарды сунуштап берсениздер.
Мойдунов Азиз- айылдык кенештин депутаты , урматтуу жыйындын катышуучулары, мен айыл башчы Анарбаевдин сунушуна толук кошуламын, менде башка сунуш жок, себеби көчөгө аты ыйгарылгандан кийин ал көчөгө демөөрчү катары көчөнун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча дагы жардамдарын берип туруш керек. Азыркы учурда Кыргызстандын бардык жерлеринде ушул маселе боюнча иш кетип жатат. Аты ыйгарылган инсандардын мучөлөрү үйлөргө номерлерди илип, жарыктандыруу иштерин алып барышууда. Ошондуктан көчөгө аты сунушталып жаткан Үсөнөв Арзыбай аканин эмгеги бар деп ойлоймун , мурунку чарба мезгилинде алдынкы мехнанизаторлордон болуп эмгектенип келген.. Азыркы учурда балдары жеке ишкерлик менен алектенишип көчөгө жардамдарын берүүгө мүмкүнчулүктөру бар деп эсептеймин.
Марханов Абдыкаар- айылдын тургуну. Мен дагы жогорудагы сунуштарды колдоймун, туура эле тандалган., себеби Шорон участкасындагы көчөго эми эле жаныдан жаш үй-бүлөлөр үй куруп келип жатышат, ошондуктан “Жаштар” көчөсү деп аталышына толук кошуламын.
Кун тартибиндеги маселени жыйынга катышкан өкүлдөр угуп жана талкуулап чыгышып, жогорудагы көчөлөргө сунушталгандарды бир добуштан колдошуп элдик жыйын төмөнкүдөй чечим кылат:
1.Он Эки Бел айылынын тургундары менен көчөлөргө ат ыйгаруу тууралуу өткөрүлгөн жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жагы Он Эки Бел айылдык кенешинен суралсын.
2.Он Эки Бел айылындагы жаны көчөгө Арзыбай Үсөнөв жана Шорон участкасындагы жаны көчөгө “Жаштар” көчөсү деген ат ыйгарылсын.
Ушул чогулуштун чечимин ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн айыл башчысы К.Анарбаевге милдеттендирилет.
Чогулуштун төрагасы К.Анарбаев
Катчысы Т.Акимова.