Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июну №25/7
Чекилдек айлынын аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 19-декабрь 2018-жылдагы №20/4 токтому менен бекитилген Семиз-Бел айыл аймагынын аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламентинин II-главасынын 10-беренесине ылайык Чекилдек айылынын аксакалдар сотунун тѳрагасы К.Исаматовдун арызы менен таанышып талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чекилдек айылдык аксакалдар сотунун курамы тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин.
К.Исаматов-айылдын тургуну,аксакалдар сотунун тѳрагасы
Ж.Ракунов-айылдын тургуну,аксакалдар сотунун катчысы
Мүчѳлѳрү:
А.Жумашова-айылдык китепкана башчысы
К.Жабыкеев-айылдын тургуну
И.Азыков-айылдын тургуну
2. Чекилдек айылдык аксакалдар сотунун курамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аксакалдар сотторунун Типтүү регламентине ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин мандат депуттатык иш,этика мыйзамдуулукту сактоо жана адамдардын укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Базаркулов |