Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 06-августу №26/2
Кара-Тоо айылына жаңы курула турган клубка кошумча акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын негизинде Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылына жаңы курула турган клубдун фундаментин көтөрүү үчүн кошумча акча каражатын кароо боюнча айылдык Кенештин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылына жаңы курула турган клубдун фундаментин көтөрүү үчүн бөлүнгөн акча каражаты жетпей калгандыктан, кошумча 200,0 (эки жүз миң)сом 3111 статьясынан каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын мыйзамдын негизинде тендерге жарыялап, которуп берүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |