Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 06-августу №26/4
Чекилдек айылындагы ФАПка жылуулук системаларын орнотууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын негизинде Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Чекилдек айылындагы ФАПка жылуулук системаларын орнотууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча ФАП башчысы Г.Айыпованын сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чекилдек айылындагы ФАПка жылуулук системаларын орнотуу үчүн 2019-жылы лицензиядан түшкөн акча каражатынан 50,0 (элүү миӊ) сом 3111 статьясынан каралып, бөлүнүп берилсин.
Каралган акча каражатын мыйзамдын негизинде тендерге жарыялап, которуп берүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Касымовага милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |