Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 06-августу №26/5
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Касымованын сунушун кароо жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылына жергиликтүү бюджеттен спорт комплексин куруу үчүн 9-июнь 2015-жылы тендер жарыяланып ОсОО СК «Арал» фирмасы 15011464 сомго тендерден утуп, курулуш иштерин жүргүзүп келген. Курулуш иштери кечеӊдеп, мөөнөтүндө бүтпөй калуу болуп жаткандыктан, ОсОО СК «Арал» фирмасынын жетекчиси Ж.М.Ибраимовдун спорт комплекстин курулуш иштерин улантуу ОсОО «Байэл-Курулуш» фирмасына берүү дөнүндөгү макулдугунун негизинде ФЭБ башчысы А.Касымованын сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО СК «Арал» фирмасынын жетекчиси Ж.М. Ибраимовдун макулдугу менен Кара-Тоо айылындагы курулуп жаткан спорт комплекстин курулуш иштерин аягына чыгаруу келишимдин негизинде ОсОО «Байэл-Курулуш» фирмасына макулдук берилсин.
2. Келишимдин негизинде Спорт комплекстин курулуш иштерин аягына чыгаруу жагы ОсОО «Бай-Эл» курулуш фирмасынын жетекчиси Т.Айсаналиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |