Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 06-августу №26/6
Кара-Тоо айылынын Жаӊы конуш участкасынын көчөлөрүнө ат коюу жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо айылынын жаӊы конуш участкасындагы № 1-2-3-4-5-6 кыска көчөлөрүнө, 1-кыска көчөсүнө «Тилек», 2-көчөсүнө «Жакшылык», 3-көчөсүнө «Биримдик», 4-көчөсүнө, «Кут», 5 – кыска көчөсүнө «Келечек», 6 – кыска көчөсүнө «Бакыт» деген ысымдарды берүү жөнүндө көчөнүн тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдору менен таанышып жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын Жаӊы конушундагы 1-кыска көчөсү «Тилек», 2 – көчөсү «Жакшылык», 3 – көчөсү «Биримдик», 4 – көчөсү «Кут», 5 – көчөсү «Келечек»,
6 – кыска көчөсү «Бакыт» деген ысымдар менен аталсын.
2. Көчөлөрдүн комитеттеринин курамы бекитилсин жана көчөлөрдүн аттарын жаздырып катар номерин коюп илдирүү иштерин уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Сыдыгалиевке жана башкы адис Б.Көбөновко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К. Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |