Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 14-октябры №27/1
Семиз-Бел айыл аймагындагы орто мектептерде окуу тарбия иштеринин жүрүшү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы орто мектептеринин 2019- жылга карата окуу,тарбия иштеринин жүрүшү жөнүндөгү туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Илиязовдун жана мектептин директорлорунун маалыматтарын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы орто мектептеринин 2019-жылга карата окуу тарбия иштеринин журүшүндө алгылыктуу иштер жургөндүгү эске алынсын.
2. Мамлекеттик экзамендерди өткөрүүгө даярдыктарды көрүү, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, кесипкөй кадрларды тартуу жана окуучуларды ар кандай ийримдерди ачуу менен окуучулардын кызыгуусун арттыруу жагын уюштуруу мектептердин администрациясына тапшырылсын.
3. Айыл аймагындагы мектептерде окуучулардын коопсуздугун алдын алуу боюнча тиешелүү иш чараларды уюштуруу, окуучуларга дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу мектеп директорлоруна тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |