Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 14-октябры №27/2
Семиз-Бел айыл аймагындагы балдар бакчасында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо айылындагы «Куруучу» балдар бакчасында, Чекилдек айылындагы «Айсулуу-К» жана Семиз-Бел айылындагы «Маматкул-Баба» балдар бакчасында жүргүзүлүп жаткан иштери жѳнүндѳ бала бакча башчыларынын жана туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Семи-Бел айыл аймагындагы балдар бакчаларында жүргүзүлүп жаткан иштери «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
Балдар бакчаларындагы балдардын санын нормадан ашык ашырбоо, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, балдардын тамак-ашын сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо жагы бала бакча башчыларына тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин маданият, билим берүү боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Базаркулов |