Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 14-октябры №27/3
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылына эс алуу паркын дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын бөлүп жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылына эс алуу паркындем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен 2 991841 (эки миллион тогуз жуз токсон бир мин сегиз жуз кырк бир) сомго куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жѳнүндѳгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ѳздүк салым үчүн 15 пайыз 448800 (торт жуз кырк сегиз мин сегиз жуз) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндѳ «Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылына эс алуу паркын куруу» долбооруна каражат 2020-жылдын бюджетине каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Базаркулов |