Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 14-октябры №27/4
Семиз-Бел айыл аймагына карашту Чекилдек айылындагы клубду дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Чекилдек айылындагы клубду дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен 3 000000 (үч миллион) сомго капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жѳнүндѳгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ѳздүк салым үчүн 15 пайыз 450 000 (торт жуз элүү мин) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндѳ «Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Чекилдек айылындагы клубду капиталдык ремонтон өткөрүү» долбооруна каражат 2020-жылдын бюджетине каралып,бөлүнүп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Базаркулов |