Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 14-октябры №27/5
Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» 2013-жылдын 9-июлундагы №127 мыйзамынынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- мартындагы №145-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык онүгүү министирлигинин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесин 2-3 бөлүктөрүнө ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин, Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоо керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы А. Касымовага келишимде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан которулган акча каражатынын жергиликтүү бюджетке которулуусуна көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын
Төрага | Р.Базаркулов |