Загрузка документа…
ТАЛАА –БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №21/3
Жайыт комитетинин эсебиндеги акча каражатын өздүк салым катары которуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин эсебиндеги жайыт акы үчүн түшкөн акча каражатын өткөрүлгөн жана даярдалып жаткан долбоорлордун өздүк салымы катары которуга жайыт комитетинин төрагасы Т.Низалиевдин өтүнүчүн угуп жана талкулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2- пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талаа-Булак айыл аймагында келишим менен жайыт жерлерди пайдалангандыгы учун “Үрɵндүк картошка” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан айыл аймагынын жайыт комитетинин эсебине 45000(кырк беш мин) сом акча каражатын жайыт акы катары которуп бергендиги белгиленсин
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин эсебиндеги 45000(кыр беш мин) сом акча каражатын “Комсомол айылындагы ден-соолук чыңдоочу спорт залдын ремонт иштерине, спортук жана тренажердук шаймандарды алуу” үчүн өткөрүлгөн долбооруна 27000(жыйырма жети мин) сом, Дөң-Алыш айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин эски от жагуучу(кочагар) имаратын ден-соолук чыңдоочу күрөш спорт зал багытында өзгөртүү үчүн 18000(он сегиз мин) сом акча каражытын өздүк салым катары которуга уруксат берилсин. . . 3.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин эсебиндеги акча каражатын тийиштүү тармактарга өздүк салым катары которулушуна көзөмөлдөөнү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |