Загрузка документа…
ТАЛАА –БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №21/5
Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга каралып бекитилген бюджеттинин акча каражатынын беренелерин которуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон «К.Мамбеталиев, С.Өмүрбаев» атындагы орто мектептеринин, «Баластан-Нуру» бакчасынын имараттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп мамлекеттик АКТларын алууга акча каражаттын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берүүгɵ 2019-жылдын бекитилген бюджеттин ичинен беренеден ,беренеге которуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 109-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон «К.Мамбеталиев, С.Өмүрбаев» атындагы орто мектептеринин, «Баластан-Нуру» бакчасынын имараттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп мамлекеттик АКТларын алууга акча каражаттын айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2019-жылдын бюджетинин акча каражатын тɵмɵнкүдɵй:
70911 бөлүмдүн 3111 компьютер үчүн каралган беренесинен
100000 (жүз миӊ) сом акча каражатын кемитилип,
70911 бөлүмдүн 22154900 беренесине
100000 (жүз миӊ) сом акча каражаты которулуп берилсин.
3. 2019-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин беренелерин которуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |