ТАЛАА –БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №21/6
Айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылууда “ Мүрөк-Булак-Датка” ИСКАКБсынын 2019-жылы жүргүзгөн иштери жөнүндө
Айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылууда “ Мүрөк-Булак-Датка” ИСКАКБсынын 2019-жылы жүргүзгөн иштери жөнүндө Р.Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛЫТ:
1. Айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылууда “ Мүрөк-Була Датка” ИСКАКБсында 2019-жылы жүргүзгөн иштеринде кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу суу системасынын бузук жерлерин бир айлык мөөнөттө ремонт иштери бүткөрүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |