Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-апрели №121
Өмүралиев айыл аймагынын Чатбазар айылында жайгашкан “Эр Солтоной ” атындагы спорт зал толук бүткөрүлгөнгө чейин убактылуу тазалыгын кармоо, ичиндеги мүлктөрдүн толук сакталышын камсыздоо,тартиптик ирээтке келтирип туруу боюнча талкуулап,карап чыгып, А.Оторбаев атындагы орто мектебине убактылуу өткөрүп берүү максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма алтынчы кезектеги кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмуралиев айыл аймагынын Чатбазар айылында жайгашкан “Эр Солтоной ” атындагы спорт залды А.Оторбаев атындагы орто мектебине убактылуу өткөрүп берүү боюнча төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн жана спорт залды толук бүткөрүү,документтештирүү боюнча иш жүргүзүлсүн.
К.Айталиев – айыл өкмөт башчы,комиссиянын төрагасы;
Мүчөлөрү:
А.Есенкулов – айыл башчы
С.Токтогазиев – А.Оторбаев атындагы орто мектебинин директору
К.Шатманов – айылдык кеңештин депутаты
А.Токторов - айылдык кеңештин депутаты
2. Спорт зал толук бүткөрүлгөнгө чейин убактылуу тазалыгын кармоо, ичиндеги мүлктөрдүн толук сакталышын камсыздоо,тартиптик ирээтке келтирип туруу жагы А.Оторбаев атындагы орто мектебинин директору С.Токтогазиевке жүктөлсүн.
3. Спорт залдын актап,сырдоо ремонт иштерине тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү жана көзөмөлдөп туруу жагы айыл өкмөт башчы К.Айталиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | У.Алмолдоев
|