Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 4
Боз-Учук айылдык кенешинин 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 47 токтомуна кээ бир адистердин өзгөргөндүгүнө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевдин билдирүүсүн угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган , КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы N 602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомдору менен «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого» киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык айылдык кенеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген «айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жөнүндөгү типтүү жобо жетекчиликке алынсын.
2. Боз-Учук айыл аймагын боюнча жер комиссиясы төмөндөгүдөй курамда өзгөртүлүп түзүлсүн:
1. Термечиков Б.- жер комиссиясынын төрагасы, -айылдык кенештин төрагасы,
2. Дюшембиева З.- жер комиссиясынын катчысы, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,
3. Сейлибаев А.- жер комиссиясынын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн башчысы,
4. Адыгулов А.- жер комиссиясынын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси,
5. Атаканов Р.- айылдык кенештин депутаты,
6. Шадыбаев С.- айылдык кенештин депутаты,
7. Садабаев Р.- айылдык кенештин депутаты,
8. Кангельдиев Б.- айыл башчысы,
9. Деркимбаев С.- айыл башчысы,
10. Эстебесова Г.- башкы салыктар инспектору,
11. Токтосун уулу А.- жайыттар комитетинин төрагасы,
12. Эшимканов Н.- коомчулуктун өкүлү,
13. Ак-Суу агрардык департаментинин өкүлү.
Төрага | А. Узакпаев |