Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын жыйырма алтынчы кезектеги
2019-жылдын 22-апрели №122
Кум жана топурак карьерин ачуу жөнүндө
Өмүралиев айыл өкмөтүнө караштуу Капкан таш участкасынын №1278 чөйрө сызыгында жайгашкан аянты 0,10 га жерге топурак карьерин ачууга жана Кумдуу Колот участкасынын №1284 чөйрө сызыгында жайгашкан 0,10га жерге кум карьерин ачуу максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма алтынчы кезектеги кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл өкмөтүнө караштуу Капкан таш участкасынын №1278 чөйрө сызыгында жайгашкан аянты 0,10 га жерге топурак карьерин ачууга жана Кумдуу Колот участкасынын №1284 чөйрө сызыгында жайгашкан 0,10га жерге кум карьерин ачууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А. Эшалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | У.Алмолдоев
|