Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын жыйырма алтынчы кезектеги
2019-жылдын 06-майы №124
Мураталиев Таштандын арызын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Манас айылынын тургуну Мураталиев Таштандын арызын карап талкуулап чыгып, Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма алтынчы кезектеги кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагындагы Манас айылынын “Чырканак”сайындагы Чойбек агайдын огородунун капталындагы бош жерден 0,20 га жер участогуна мечит салууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | У.Алмолдоев |