Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын жыйырма сегизинчи кезектеги
2019-жылдын 15-июлу №126
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрели № 258 “ Оор жумуштар жана зыяндуу,же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошкмча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө” токтомунун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164 жана 224-беренелерине ылайык Өмүралиев айылдык аймагынын VII чакырылышынын жыйырма сегизинчи кезектеги кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрели № 258 “ Оор жумуштар жана зыяндуу,же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошкмча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө” токтомунун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164 жана 224-беренелерине ылайык айыл өкмөт кызматкерлеринин иштөө компютерлеринин электро магниттик нурунун жана компютерден чыккан добушунун зыяндулугун аныктоого атайын Бишкектен чакырылуучу экспертердин командировкалык чыгымдарына 10 000 акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөт башчысы К. Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У.Алмолдоев
|