Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-июну №103/XXX - 1
Кайыңды шаарындагы №1 ҮБДТ үчүн салынып жаткан имаратка жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутунун 5-пунктчасынын жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасы менен иштелип чыккан долбоордун алкагында ишке ашырыла турган “Кыргыз Республикасынын айылдарды туруктуу өнүктүрүү максатында” №1 ҮБДТ үчүн салынуучу жалпы аянты 4455,0 чарчы метр болгон Кайыңды шаарындагы Гагарин көчөсү 3 дарегиндеги Кайыңды шаардык мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. “Кайыңды шаарындагы №1 ҮБДТнун имаратын курууга кеткен жалпы чыгым 22 (жыйырма эки) миллион сомду түзөт” жана Кайыңды шаардык мэриясынын бюджетинен 1100,0 (бир миллион жүз миң) сом салым кошконго макулдук берилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин турак-жай, жер агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов
|