Редакцияот 12.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кеңешинин 27-чи чакырылышынын кезектеги чогулушу

2018-жылдын 12-октябры №79

Жер тилкесинин категориясын которууга уруксат берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзымынын, 14 бер. негизинде, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Асанкуловду угуп жана талкуулап, Таш-Мойнок айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Мойнок айыл аймагындагы территориясында жайгашкан Көк-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган №213-221 контурундагы 0,70 га жерди айыл чарба жерлеринин категориясынан скважина бургулоого үчүн которууга уруксат берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Таш-Мойнок айылдык кенешинин Төрагасынын орун басары С. Чаргынбаевне жүктөлсүн

 

Төрага

Т. Молдобаев